САПАР ИСАКОВ УКМК ТЕРГӨӨЧҮСҮНӨ ЧАРА КӨРҮҮНҮ СУРАНЫП БАШКЫ ПРОКУРАТУРАГА КАЙРЫЛДЫ

№823 10 - 16-август, 2018-ж.

Мурдагы премьер, Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча кылмышка шектелип УКМКнын камагында отурган Сапар Исаков Башкы прокуратурага кайрылды. Ал УКМКнын тергөөчүсү опуза кылганын айтып, бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, күнөөлүү адамдарга чара көрүүнү суранды. Исаков тергөөчүлөр тарабынан коркутууга туш болгонун буга чейин анын адвокаты Нурбек Токтакунов айтып чыккан эле. Айтылгандарга таянсак, УКМКнын Илим аттуу тергөөчүсү Исаковго Нурбек Токтакуновдун адвокаттык кызматынан баш тартууну сунуштап, эгер сунуштан баш тартса ага дагы бир кылмыш ишин ача турганын айтып опузалаган. Исаков сунуштан баш тартып, тергөөчүнүн бул аракетин элге жеткирүүнү тапшырганын айтат анын адвокаты. Бирок УКМК бул маалыматты дароо четке кагып, “адвокат Нурбек Токтакунов карандай калпты айтып өзүн пиарлап жатат” деп билдирүү жасаган. Башкы прокуратура Исаковдун арызы каралып чыгарын билдирди.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо