III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 179 ЧЕТ ЭЛДИК ЖУРНАЛИСТ аккредитациядан өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
-
“Соттор АК ҮЙДҮН ТАПШЫРМАСЫ МЕНЕН чечим чыгарбайт”,- деп билдирди Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева маалымат жыйынында.
-
Таластын Алмалуу-Тоо жайлоосунда ӨРТ ЧЫГЫП, 2 миң гектар жер күйүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
-
Биринчи Май райондук соту Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча кылмышка шектелип жаткан экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин, “Улуттук энергетикалык холдингдин” экс-төрагасы Айбек Калиевдин жана “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчилерин камакта КАРМОО МӨӨНӨТҮН 2 АЙГА узартты.
-
"Ак-Ордо конушунда жол курууда бюджетке 6 МИЛЛИОН СОМДОН ашык зыян келтирген" деп Бишкек мэриясынын жооптуу адамдарына кылмыш иши ачылды.
-
ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү 6 айда жалпы 16 590 жаранга КОНСУЛЬТАЦИЯ БЕРГЕНИН министрликтин маалымат кызматы билдирди.
-
2018-жылдын январь-июль айларында республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 78 МИЛЛИАРД 253 МИЛЛИОН 600 МИҢ СОМДУ түзгөнүн Каржы министрлиги билдирди.
-
Бишкекке Орусия жана Беларустан 37 ЖАҢЫ ТРОЛЛЕЙБУС алынып келинди. Бирок шаардын жолдорун оңдоо иштерине байланыштуу алардын 70 пайызы ишке бериле электигин мэриядан билдиришти.
-
Бир аптада 2 ЖОЛУ АВАРИЯЛЫК АБАЛДА конууга аргасыз болгон "Авиатраффик" компаниясынын учактары боюнча Жарандык авиация агенттигинде атайын комиссия түзүлдү.
-
Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн мамлекет тарабынан 50 МИҢ СОМ берилип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
-
2018-жылдын январь-июль айларында Социалдык фонд 17 МИЛЛИАРД 289 МИЛЛИОН СОМ камсыздандыруу төлөмүн чогултту.
- Чолпон-Атада атайын рейддин жүрүшүндө чет элдик ТУРИСТТЕРДИН БУЮМДАРЫН УУРДООГО шектелип Нарын облусунун 2 тургуну кармалды.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg