ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 13-АВГУСТТАН 19-АВГУСТКА ЧЕЙИН

№823 10 - 16-август, 2018-ж.


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Жакынкы күндөрдө колуңузга акча тийиши күтүлүүдө. Аракетти токтотпоңуз. Бир сырдуу болуңуз. Адамдар менен алака жакшырат. Таанышуулар болот. Эргүү аласыз, айрыкча өз балдарыңыз, сүйгөнүңүз менен баарлашуу учурунда.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Дос, өнөктөштөр менен маанилүү, жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Жогорку даражалуу адамдарга жолугасыз. Учурду пайдаланып калыңыз. Үйүңүзгө конок келет, сүйлөшүүлөр көп болот. Иштеген жумушуңуз сиз ойлогондой кетет. Колдоолор болот.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Өкмөт адамдары, кесиптештер менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Ден соолук жаатында өзүңүздү жакшы сезесиз. Өз балдарыңыз, сүйүү, эс алуу темалары жакшы чечилет. Буга байланыштуу сапарга чыгышыңыз же жагымдуу кабар угушуңуз мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Алыскы шаардагылар, текшерүүчү органдар менен жакшы тил табышасыз. Сүйүү жааты жана балдарыңыз сизди кубантат. Акча жана жеке иштериңиз жаман болбойт. Ата-энеңиз жана башка туугандар менен жагымдуу маанайларды баштан кечиресиз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Сизди бул аптада “драмалык күндөр” күтөт. Уруш болгон жерде сиз күнөөлүү болуп чыгасыз. Токтоо болуп, катуу кетпеңиз. Акчаны туура бөлүштүрүп, ашыкча чыгымдарга жол бербеңиз. Майлуу тамактардан, ичимдиктен алыс болуңуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жакындарыңыз менен жакындан сүйлөшөсүз. Келечектүү нерселер талкууга алынат. Элдин да сүймөнчүлүгүнө ээ болосуз. Капчыгыңызды даярдаңыз, акча түшөт. Анын өлчөмү сиздин сырдуу, купуя аракеттериңизге жараша болот.

ТАРАЗА (24.09-23.10)

Орто жана ири өлчөмдөгү акчанын келип түшүшү күтүлүүдө. Бул акчалар жумушуңуз тараптан, элде жүргөн карыз акчаларыңыз же банктын кредиттик акчалары болушу мүмкүн. Дос, кесиптештер сизди урматташат. Сулуулугуңуз дагы артат.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Жакынкы эки аптада көп иштериңиз оңунан чыга баштайт. Сизге көңүл бөлүшөт. Учурду пайдаланып калыңыз. Сүйгөнүңүз, балдарыңыздын сүймөнчүлүгүнө ээ болосуз. Сизге жетекчилик көңүл бөлөт. Жашыруун романтикага илинүүдөн сак болуңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Купуя аракеттерди жасоонун аркасында көп ийгиликтерге жетишесиз. Акылыңыз адаттагыдан жакшы иштейт. Анын натыйжасында үй чарба иштерин, жеке иштериңизди ойдогудай орундатасыз. Курбу, кесиптеш, көзөмөл органдары, өнөктөштөргө ишениңиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жакын санаалаш, туугандарыңыздын сый-урматына ээ болосуз. Жылуу сезимдер артат. Унаа, сапарга чыгуу суроолору козголот. Жетекчилик, өкмөт өкүлдөрү тараптан колдоо болот. Айлык акыңыз жогорулайт же колуңузга акча тиет.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Өкмөт өкүлдөрү, жетекчилик тарапка көбүрөөк басым жасаңыз. Алардын колдоосу жаман болбойт. Айлык акыңызды көтөрүү ниетиңизди айтып көрүңүз. Өнөктөштөр, дин өкүлдөрү менен жакшы тил табышасыз. Таанышуулар болот.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Көп ой-максаттарыңыз оң жагына чечиле баштайт. Алыскы шаардагы өнөктөштөр, текшерүү органдары, кайын журтуңуз менен алакалар жакшырат. Кесиптештердин колдоосуна ээ болосуз. Капчыгыңыздын кампайышы күтүлүүдө.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо