Рая Нургазиева, актриса: «АЛТЫМЫШ КҮЙӨӨМ БОЛОТ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСМИН»

№824 17-23-август, 2018-жыл

Каарманымды ырчы жигиттердин апасы, атактуу обончу Алтымыш Кадыровдун аялы деп эле билүүңүздөрдү каалабайм. Актриса, ырчы, журналист жана, эң негизгиси, күчтүү аял деп сыпаттагым келди. Ал бул жолу өзүнүн татаал, бирок жемиштүү өмүрүн баяндап берди.

«БАЛАЛЫК КЫЗГАНЫЧТАН ЫРЧЫ БОЛУП КАЛГАМ»

-Балалыгым Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында өттү. Бала кезимде дайым радио укчубуз. Атамдын аты Осмонбет, эл Досманбет деп коюшчу. Радиодон “белгилүү ырчы Канымгүл Досмамбетова ырдап жатат” десе атам мага тамашалап “мына менин кызым ырдап жатат” деп койчу. Балалык кызганыч менен тура калып ырдап кирчүмүн.

Ырга жакын чоңойдум. 8-класстан борборго келип Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырдым. Бирок ооруп окубай калдым. Ал кезде окубай кайра айылга барган уят болчу, филармониянын алдындагы эки жылдык студияда окудум. Кийин турмушка чыккандан кийин Ош шаарында Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайында элдик аспаптар жана оркестр бөлүмүн бүтүрдүм. Ош шаардык филармониянын алгачкы карлыгач актрисаларынын биримин. Рыспай Абдыкадыров, Жолболду Алыбаев, Алтымыш Кадыров, Жаныбек Алыкулов сыяктуу атактуулар менен гастролдоп калдым. Андан кийин Ош мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүрдүм.

Эмнеге окугандарыма көбүрөөк токтолуп жатам, анткени мен билим алам деп аябай аракет кылдым, турмушум бузулганына да, балким, ушул аракетим күнөөлүүбү деп ойлоп калам. Актрисалык шык башынан эле ырчылыгыма караганда көбүрөөк байкалчу. “Актёрлук чеберчилик” сабагынан дайым “5” алчумун, мугалимдер мага “театрдын актрисасы эле болбойсуңбу” деп калышчу. Бирок ырдаганга көбүрөөк кызыктым. “Ак илбирстин тукуму”, “Махабат дастаны” тасмаларында эпизоддук ролдорду ойнодум. Кийин тартылган кыргыз тасмаларында чоңураак роль жараттым. “Салам, Нью-Йорк!”, “Бир тууганчик”, “Кыргыз-казак бир тууган” тасмаларына тартылдым. Учурда кези келгенде ырдап жүрөм жана Кыргыз радиосунун редакторумун.

«ЛЯППАЙ» ДЕП ТУРГАНГА ЭЧ КӨНӨ АЛБАЙ КОЙДУМ»

-Жолдошум Алтымыш Кадыров өз заманынын атактуу ырчысы болгон. Аны мен мурунтан эле таанычумун. Айылыбызга барып концерт коюп, үйүбүздөн чай ичип жүргөн эле да. Улуу байке деп ойлочумун, такыр күйөөм болуп каларын ойлогон эмесмин. Кийин ырчылар декадага келишип, ошол жерден көрүшүп калдык. Мага кат таштап кетиптир. Байланышып туралы деп телефонун да калтырыптыр. Мен жооп берген жокмун, анткени аны улуу ага катары көрчүмүн. Ошентип тагдыр буюруп ал менин күйөөм болуп калды. Ошко гастролго барып калдык. Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыровдор менен чогулуп калдык, анан Алтымыш үйүнө конокко чакырып калды. Капарсыз барган мени жоолук салып отургузуп коюшту. Ортобузда 13 жаш аралык бар болчу. 5 жыл жашап, эки балалуу болуп ажырашып кеттик.

Эмнеге ажыраштык? Менин ой жүгүртүүм, талабым, каалоом башка, аныкы такыр башка. Мен бетке чаап сүйлөгөн, эркин, өткүр кыз болчумун. Ал болсо аял киши окубаш керек, үйдө отуруш керек деген адам болчу. Кызганчаак дагы эле. Мен болсо “окуумду улантышым керек, ырдашым керек” дейм. Ал гастролдоп кетет, мен үйдө балдар менен буулугам. Ырдабаганга деле көндүм, башка кесипке окуюн десем да макул болбоду. Эми мен окубасам азыр эмнеге жетишмекмин, ким болмокмун? Базарда отурат белем, тикмечилик кылып жан багат белем?.. Ошондо тырышып жүрүп алган эки дипломум менен эки баламды, өзүмдү бактым.

Негизи менталитет да өз ролун ойноду. Колумду боорума алып эле “ляппай” деп турганга эч көнө албай койдум. Бир күлкүлүү окуя эсиме түштү. Айылга барганымда кайненем “уу-уй, келин, уу-уй, келин” деп эле кол булгалайт. Мен чарбакка уй кирип кеткенби деп тамды айланып карап чыгып, “апа, уй жок эле турат” дейм. Жанымда жолдон бир киши өтүп кетти. Көрсө, ал кайнагам экен, кайненем мага “кайнагаң кетип баратат, келин, жашын” деп айтканы жатыптыр. Анан эле кайненем мени урушту. “Уй келин, кандай немесиң тасыраңдап кайнагаңдын алдынан чыгып?!” деди. Мен “апа, биринчиден, мен уй эмесмин, адаммын, атым бар. Экинчиден, ал киши келе жатканда маңдайында “кач, кайнага болот” деп жазылбаптыр. Мен кайдан билем? Кайнагам өзү качпайбы” деп салдым. Өткүр элем, жаш да болчумун да. Ушундай эле ар түрдүү түшүнбөстүктөр мени түтөтүп жиберчү.

«БАЛДАРЫМДЫ ЖАЛГЫЗ ТАРБИЯЛАДЫМ»

-Кыргызда “сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” деген сөз бар го. Мен экинчи жолу турмушка чыгууну ойлогон жокмун. Балдарымды бирөө кагып коёбу, урушуп коёбу деп сактансам, балдар чоңойгондо алардан тартынып калдым. Азыр экөө тең үйлүү-жайлуу, бирок менин мезгилим өтүп кетти. Анын үстүнө иш, окуу деп көп тытынып жүрдүм. Эртең менен жумушка кетем, кечинде келем. Аркама же маңдайыма “мага күйөө керек эле, күйөөм жок” деп жазып алмак белем (күлүп)? Анан да жаштык менен, иш менен, балдар менен алаксып жүрө берчү экенмин. Азыр ушул куракта жалгыздык катуу билинет экен.

Эркек балдарды эркек мүнөздүү кылып тарбиялоо аябай оор болду. Катуу кармадым. Такыр эле тил албай бара жатканда өзүмдү жомок кылып баштачумун. “Илгери-илгери бир аял болуптур. Анын эки баласы бар экен, экөө тең сөз укпаган тентек болушуптур. Анан апасы аябай капа болот экен” деп жомок айта баштачумун. Негедир катуу сөздөн көрө ошол нерсе аларга таасир бергендей сезилчү. Балдарыма музыкалык шык атасы экөөбүздөн тең берилди. “60 К” деп атасынын атын чыгарып уулдарым Талант, Самат Кадыровдор ырдап жүрүшөт. Ошого да ыраазымын. Аял катары менин жеңишим – балдарымды тарбиялап, өзүмдү да ушул деңгээлге эч кимдин жардамысыз жеткиргеним болду. Оштон келип бул жакка отурукташып, баарын кайрадан баштап кетүү да оңой эмес эле. Бирок баарын жеңе алдым.

Азыр чоң энемин, кайненемин. Келиндериме тең карайм. Уулдарым кайра “айтпайсызбы, башкарбайсызбы” деп турушат. Мен “кой ай, ал да бирөөнүн баласы, уйкусу канганча уктап алсын” деп аяп турам.

"Жаш кезимде өткүр кыз болчумун".
"Бир тууганчик" тасмасында.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(24)
21.08.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тушундук кандай аял экенин.
21.08.2018. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
"Ляппай"дегенде колду бөйрөккө албайт,көкүрөккө алат.Сиз ошо бөйрөккө алып ажырап кетипсиз.
21.08.2018. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aikokul14, бөйрөкө деп окубадымго мен. Боорго деп турат. Дароо эле ката табасынар да. Өщүң да элестетсең Ляппай деп бөйрөгүңдү кармап турганыңды.
27.08.2018. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aszyma, Сөздүн маанисин түшүнбөпсүз.
21.08.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Же кайнене кайнагасын укпаса,бир нерсе айтса беттен алып оозун жапчукен,уй эмесмин деп,же куйоосуно баш ийип аялдык милдетин аткарбаса анан кандай жашоо болот уй булодо. Бул маектен кандай таалим тарбия алавыз??? Мээм жетпей жатат менин
21.08.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эки баланы атанын мээримине зар кылып чонойтуунун неси бакыт.Тастандап журуп ажырашыптырда. Тебетей тегеренгенче дейт, кайнене болуптурсуз келиндерден коро бериниз бардык жакшылыктарды
Ice-creme түзөттү 2018-08-21 13:57:10
22.08.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ice-creme, сен деле тастандап жазыпсын комментарийинди
21.08.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эмнеси болсо да эки баласын чонойтуп алыптыр
21.08.2018. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кеч болсо да турмурмушка чыгып алыңыз. Эки уулу аял алса да апа турмушка чыгып алыңыз деп айтканга жарабаптырда.
Jelezo түзөттү 2018-08-21 16:35:42
21.08.2018. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кимге турмушка чыгып жатканын билбей эле турмушка аттанган го сыягы эжебиз...Туштуктун менталитети себеп эмес эле эженин кыялы себеп болуптур уй-булонун урашына.Орус келин болуп жугунуп атпайбы кыргызга.Бул акылдуу аялдын созу эмес бул,тилекке каршы...Легендага айланган инсанга турмушка чыкканынызды билмек тугул тушунгон да эмес экенсиз... Уулдарыныздын бешенесине аман болунуз.Жакшы адам жаманды жашырып,жакшыны ашырат...
Tiken түзөттү 2018-08-21 18:09:17
21.08.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жон эле акылдуу боло бербесек, улуу эже экен, негизгиси экинчи куйоого балдарын кор кылбаптыр. Азыр деле ажырашып жатпайбы. Биз ошол куракка жеткенден кийин сын айтсак туура го
21.08.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушу бироонун "артын" чукуган жаштарга такыр тушунбойм да. Биринчи ушул эженин жашына жетип алгыла! Жогоруда"кандай тарбия алабыз?!"деген "акылдуулар", жакшылап ой жугуртсонор эже билимдин жашоосуна кандай пайда тийгизгенин айтып жатат. Сомтуроп "ляппай" деп жашагандар деле ажырашып,же билими жок,балдарын эмес оздорун эптей албай ар кимден жардам сурап темселеп журушот. Ошо билимсиздиктин айынан балдарын таштап,ар кимге кор кылып атышат. Эжеге рахмат сонун
21.08.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Оляяяя мен жаш туруп минтмектен уялам. Кайненесин жаман эле кагыптыр. Ыйбаа келин болбоптурда. Мен адаммын,чекесине жазып албаптыр дегени ото эле тарбиясыздык. Эжеке бар болунуз.
22.08.2018. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
love.me.again,ууйй дегенге кандай карайсын. Мисалы сени кайын энен уй десе
22.08.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Farhat25,уй дегени каратма соз эле. Ай, келин деген сыяктуу эле. Ошону тушунбогондорго тансын адам.
22.08.2018. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алтымыш Кадыровтун канча аялы болгон ОЗУ? Сосед Эже бар,ал да аялы болгон экен,байкуш каарып кеткен,балдарын неберелерин карайм деп.
Бул аялы экоо карама-каршы экен окуп чыксам.
22.08.2018. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чын да ууй дебей эле атынан чакырса болот да, атынан атабай келин дегендери кызык да кызым же балам болбосо, жон эле атынан атап кой! Анан тарбия жагына келсек, бул жерде Рая эжебиз озунун башынан отконун баяндап жатат, силерге акыл-насаат айткан жери жок.
25.08.2018. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kaisarbek,ой тобоо,силердин да акылынар актрисанын акылынан ашпаптыр. Уй деп айтылган эмес кемпирдин созу. Кээ бир аялдар ааай уууй оооой деп чакырышат ко алысыраак турган адамды.кыргыз болуп ушундай маанидеги создорду билбесенер актрисанар баш болуп. Анан дагы эки дипломум бар адаммын деп мактаныптыр
22.08.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми ал кезде жаш экен эле да.Откур, жаш экен элем деп жатпайбы.Сынчынын сынар отугу кыйшык дегендей, сынчылар озунордун ойлонбой суйлогон маменттеринерди деле эстеп койгула демекчимин.
22.08.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаштыгы Айдана Дека бы не ошонун копиясыго только тонна макияжы жок натуральный сулуу экен. Ар кимде бар ар кыял дейт,характери чорт аял болгон экен ХХХХ.Азыр эки колун боорго эмес башына койуп Ляппай деп турса деле кидала болуп жатпайбы))) зато балдарын бутка тургузуптур, атасынын атын улашты, наамын чыгарышып журушот.
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-22 19:03:22
22.08.2018. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Балдарынын тарбиясы начар болчу...эми турмуш куруп ,чоноюп ,онолушту окшойт.Ии балдары менен мамилеси начар окшойт балдарынын интервьюларын окусанар...
23.08.2018. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Абдыкадыровдун деле аялдары артынан бир жаман кеп айтпаган эле. Бул эже укмуш эле арданыптыр убагында мончоктой жаш балдарын тыштап ушуга этегинен эрмешип тийген эле. Жазган журналист деле мындай атайлап бергендей болуптур. баш созундо мактап ичинде эмнени бергенин кара. кайтар дуйно деп уулдарына экиден аял алперип отурат эми мамилеси начар болуп
23.08.2018. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пейилинизден тааптырсыз ...Жакшы жаштарга улгу болчу соз айтса болмок чон эле аял ...Кайненесин какканын мактанбай
23.08.2018. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Темасын окуп башкп ойго кетипмин сразу.
Алтымыш Кадыров куйоом болот деп ойлобопмун-деп толук жазсанар болмок экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо