-

Бишкектин жаңы мэри
АЗИЗ СУРАКМАТОВ расмий түрдө кызматына киришти. Аны жамаатка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.
-
Өлкөдө 21-август КУРМАН АЙТ күнү деп жарыяланды. 20-августтагы иш күнү 22-сентябрдагы эс алуу күнүнө которулганына байланыштуу жарандар 18-августтан 22-августка чейин 4 күн катарынан эс алышат.
-
1-сентябрда өлкөдө мектеп окуучулары коомдук унааларда БЕКЕР ЖҮРӨ АЛЫШАТ. Бул акция тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.
-
Парламент спикери Дастан Жумабековдун айтымында, ушул тапта республикада 800 миңдей жаран БИОМЕТРИКАЛЫК КАТТООДОН өтө элек.
-
Жогорку Сот Бишкектин мурдагы мэри АЛБЕК ИБРАИМОВду быйыл 29-августка чейин камакта кармоо чечимин күчүндө калтырды.
-
Алмаз Бакетаев Бишкектин биринчи ВИЦЕ-МЭРИ, Рыспек Сарпашев вице-мэр болуп дайындалды.
-
Президент СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ 23-24-августта Түркмөнстанга мамлекеттик иш сапары менен барып, анда Арал деңизин сактап калуу фондун негиздеген өлкөлөрдүн президенттеринин саммитине катышат.
-
2010-жылдан 2017-жылга чейин өлкөдө энергетика тармагына байланыштуу 307 КЫЛМЫШ ИШИ ачылганын Башкы прокуратурадан билдиришти.
-
“Ишкерликке толук шарт түзүлөт деп убада берилгени менен, бизнести негизсиз текшерүүлөр уланып жатат”,- дейт парламенттеги КСДП фракциясынын лидери ИСА ӨМҮРКУЛОВ.
-
Мамлекеттик гербдин авторлорунун бири АСЕЙИН АБДРАЕВ 71 жашында дүйнө салды.
-
Белгилүү экономист ЖУМАКАДЫР АКЕНЕЕВ 64 жаш курагында көз жумду.
-
Ички иштер министрлигинин борбордук аппараты 600дөн АШУУН кызматкерге кыскарганын ИИМден билдиришти.
- Түркиянын президенти РЕЖЕП ТАЙИП ЭРДОГАН III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турганын президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg