№228 16-22-март, 2007-ж.
БАЛДАРДЫН ТУБАСА ХИРУРГИЯЛЫК ООРУЛАРЫ КАЙСЫЛАР?
Мындай оорунун түрлөрүнө кулагы жок болуп төрөлүү, кабыргалардын жетишпестиги, кыздарда жыныс кыны жок туулуу, ичегилердин түйүлгөн түрүндө болушу, көтөн чучугу туюк төрөлүү, көкүрөк сөөгүнүн (көөдөнүнүн) чыгып же кирип кетиши, кол-буттун манжаларынын биригип калуусу, ашыкча манжалуулук же тескерисинче кол-буттун манжаларынын биринин же бир нечесинин өсүп-жетилбей калуусу, тубаса кыйшык колдуулук, жатыны жок төрөлүү, ички органдардын шишиги менен төрөлүү кирет. Мындан тышкары, бир буту кыска туулуу, май тамандык жана башкаларды кошууга болот.
СЕБЕПТЕРИ
Майып балдардын төрөлүүсүнө аталган себептерден башка себептер да бар экендигин айта кетели.
ДИАГНОЗ КОЮУ
Төрөт үйлөрүндө наристе төрөлөөрү менен денсоолугунун абалы текшерүүдөн өтөт. Эгер организминдеги кемчилик билинсе, дароо адистештирилген ооруканаларга которулат.
Диагнозду тактоо үчүн наристе рентгенден же компьютердик томографиядан өткөрүлүүсү ыктымал.
ДАРЫЛАП АЙЫКТЫРУУ
Дарылап айыктыруу комплекстүү түрдө жүргүзүлөт. Операциядан тышкары ийне саюу, дары-дармек жана физиотерапия менен дарылап айыктыруу колдонулат.
Операциялардын кээси бала төрөлгөндө эле жасала турган болсо, кээси кийинки жылдарда деле жасала берет.
Бала төрөлөөрү менен жасалуучу операциялар
Кийин жасала турган операциялар
Операциялар башка айтылбай калган оорулардын түрлөрүнө карап заманбап ыкмаларда жүргүзүлөт.
БОЛОЧОК ЭНЕЛЕРДИН ЭСИНЕ!
Майып балдардын төрөлүшүнө кош бойлуу аялдардын өз убагында аймактык дарыгерлерге катталбай, кезек-кезеги менен керектүү дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтпөй жүргөндүгү да себеп болууда. Кээлери венерикалык ооруларды жугузуп алса да, толук дарыланып айыкпай, акырында майып баланы жарык дүйнөгө алып келишүүдө.
Ошондуктан, жаш эне, туура тамактанып, өз убагында дарыгерге көрүнүп, жогорудагы майып балдардын төрөлүшүнө жеткирүүчү себептерден оолак болгонуңуз оң. Анткени, болочок балаңыздын алты саны аман төрөлүшү сизден көз каранды экендигин унутпаңыз.
Даярдаган Канымжан Усупбекова
Материалды даярдоого салым кошкондугу үчүн Республикалык балдар
клиникалык ооруканасынын балдардын тубаса ооруларынын №1-хирургиялык
бөлүмүнүн башчысы Ибраимов Шарипканменен бөлүмдүн хирургу
Аманбаев Нурбекке ыраачылыгыбызды билдиребиз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |