ЖАМИЛЯ МУРАТОВА, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “КЫЗДАР СӨЗСҮЗ ЭЛЕ ЧЕТ ӨЛКӨГӨ БАКЫТ ИЗДЕП КЕТИШИНИН КЕРЕГИ ЖОК”

№825 24-30-август, 2018-жыл

Социалдык тармактарда чет жерде иштеп жүргөн кыздарды сындап катуу талкууга алынган Жамиля Муратовa азыр деле ал пикирин өзгөртпөгөнүн айтат. Ошондой эле ийгиликти адам өзү жаратат деп ишенет.

– Жамиля эже, саламатсызбы? "Кыздар чет жакка иштегени кетишпесин" деген пикириңиз социалдык тармакта катуу талкууга алынды. Сиздин оюңузга толугу менен кошулам. Бирок, мисалы, айылда бир кыз 11-классты бүттү дейли, ал айылдык Асанга же Ташматка турмушка чыккысы келбейт. Ата-энесинин окутканга мүмкүнчүлүгү жок. Андан да жаманы, үй-бүлөсү каражатка катуу муктаж абалда. Кредит төлөш керек дегендей. Мындай учурда кыздар чет жакка иштегени кетет деп ойлобойсузбу?

– Ар адам маңдайына жазылганын көрөт. Эгерде тагдырына жазылса Ташмат-Байматка деле турмушка чыгат. Бирок бул жерде ата-эне кызынын кийинки жашоосуна жоопкерчиликтүү болуусу керек. Кыздардын келечегин ойлоп, окууга болгон шыгын байкап, окууга багыт түзүп, ал кыз бир кесиптин ээси болушуна камкордук көрүш керек.

– Эгерде ата-энесинин мүмкүнчүлүгү болбосочу?

– Келечек куруу үчүн сөзсүз эле чет өлкөгө кетиштин кереги жок. Аягы эмне болуп бүтүп жатканын көрүп жатпайбызбы.

– “Карапайым элдин турмушун Жамиля Муратова билбейт, кыйынчылыкты көрбөсө керек” деп талкуулашты. Инсан катары сиздин да башыңыздан бир топ кыйынчылык өтсө керек. Кантип жеңгенсиз?

– Элдин оозунда элек жок. Ар бири өз деңгээлине жараша сөз-кеп айтат. Бул нерсеге көңүл деле бурбайм. Кептер көңүлүмдө калбайт. Териштиргенге убактым деле жок. Өзүмө келсек, кыйынчылык ар бир адамдын башына келсе керек. Мен кандайдыр бир көйгөйдөн чыгууга аракеттенем. Жол тапканга башым менен кирип кетем. Акыры чыгам. Аялзаты күчтүү келет. Тилекке каршы, аялдын моюнунда көп түйшүк бар. Күчтүүмүн, алсыз боло албайм. Мээримдүүмүн, мээримимди бергенге да күчүм, акылым бар. Ушулардын баарын айкалыштырып келгенде кыйынчылыктан чыга алсам керек.

– Жогорудагы талкуудан соң сизди каза болду деген кеп тарап кетпеди беле. Кандай реакция кылдыңыз?

– Чындап кайтыш болгон жокмун да. Жаңылыш кабар деп койдум. Болгону ушул.

– Анда жагымдуу жаңылыктарыңызга кезек берели...

– Ар бир жаңы күн – жаңылык. Жагымдуусуна келсек, 23-августта Грузия өлкөсүнө чоң жарышка аттанып жаткан учурубуз. "Discover Silk Road Star" аттуу жаш таланттардын сынагына кетип жатабыз. Окуучум Абай Сериков аттуу жигит катышат. Өзүм Кыргызстандын атынан эл аралык калыстар тобунун мүчөсү болмокчумун. Жоопкерчилик чоң. Бул жарышта 14 өлкөдөн келген катышуучулар болот. Алардын арасында биздин Абай эң кенжеси, 19 жашта. Өзгөчөлөнгөн жакшы үнү бар. Сынактын жобосу боюнча, үч ыр ырдалат. 1-дүйнөлүк хит. 2-грузин тилиндеги ыр. 3-өз өлкөбүздүн ыры. Сынак Батуми шаарында, Кара деңиздин жээгинде өтөт. Жеңиш менен келсек деп катуу даярдык көрүп жатабыз.

– Ата-энеңиз музыкант экени маалым, эң биринчи чоң сахнага чыкканыңызды эстеп көрсөңүз.

– Музыка дүйнөсү – менин өмүрүм. Бала кезимден бери музыка чөйрөсүндө өмүр сүрүп келе жатам. Жашоомду башкача элестете албайм. Музыка менен аралашкан өмүрүмө миң мертебе ыраазымын. Эң биринчи сахнага үч жашымда чыккам. Ата-энем музыкант болгондуктан, мени жаңы жылдык балатыга Опера жана балет театрына алып барышкан экен. Ошондо чыгармачылык тушоом кесилсе керек.

– Азыр ырчыларды тойсуз элестетүү кыйын эмеспи, тойлордо ырдайсызбы?

– Той программасын даярдап бересизби деген сунуштар болот, арасынан тандап даярдап берем. Бирок ырдап чыкпайм. Күнүмдүк ишим өзүмдүн жеке музыкалык мектебимде вокал жана фортепиано сабактарын берүү менен өтөт. Тойлорго ырдаганга эч убактым жок.

– Көп ырчыларга устатсыз. Заманбап тил менен продюсерсизби?

– Мен окуучуларыма, шакирттериме багыт берүүчү мугалиммин. Продюсер эмесмин. Окуучуларым акы төлөп сабак алышат.

– Cизге жага турган мырза кандай болуусу керек?

– Мырзаларга талабым күчтүү десек болот го, жактырбайм дебейм. Көңүлүм толгон, талабыма туура келген, мүнөзү, адамдык сапаттары менин кыялыма төп келген адамга жүрөгүм менен жооп берем.

– Уулуңуз сиздин кесипти уланткан жокпу?

– Уулум музыка жагынан абдан таланттуу. Бирок башка кесип, башка жол тандап кетти. Өз үй-бүлөсүнүн түйшүктөрү менен, өз жашоо турмушу менен алек. Мен болсо чыгармачылык, улгайып бараткан ата-энемдин камын көрүү, небереме көңүл буруу менен алекмин.

– Жашооңузда эң корккон нерсеңиз эмне?

– Жашоодон коркпойм, жолдон адашкандан, жамандыктан, дарттан Кудай сактасын. Калганы жеңе турган нерселер.

– Канча тил билесиз?

– Үч тилде эркин сүйлөйм. Кыргыз тили, орус тили, түрк тили. Иштерим Түркия менен байланыштуу болгондуктан, курстарга барып үйрөнгөм.

– Маегиңизге рахмат, жеңишке жетишиңиздер!

– Силерге да рахмат. Жалпы мекендештеримди Курман айт майрамы менен куттуктап кетким келет. Берекелүү, кубанычтуу, ырыстуу жашоо каалайм.

"Учурда неберем менен ата-энемди багып, ага катар чыгармачылыгым менен алекмин".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(31)
28.08.2018. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туп туура кошулам эженин сөзүнө. Кыздар чет жака чыгып, ата-энесинен алыста өздөрү билип капчыктууларга алданып күнүмдүк кцызыкчылык менен жашап, канчалаган балдар жетим калып канчасы төрөлө элек жатып өлватышат.Бул жалпы кыргыз эли үчүн глобалдык маселе болуп жатат. 26 жашка чейинки кыздар четке иштегени чыгуусуна тыйуу салынсын деген сунушка толугу менен кошулам. Айылдагы Ташматтардын кругозорун өзгөртүү керек. Аймактарда ишканалар көбөйсө четке чыгуу азаймак
28.08.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Mavlyuda,Чет жакка чыгып баарысы эле бузулуп жаткан жок да,жакшына жургондор деле толтура!Кыздын тарбиясынан коз каранды.Бузула турган кыз КРда деле бузулат
28.08.2018. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Mavlyuda,Эгер ошол кыздардын баары уйдо олтурса олкодо 90-жылдардагы кризис башталат. Уй-булолук бюджеттин бир болугун кыздар камсыздап келе жатат.
28.08.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айылда жакшы обону менен телеге,кайсыл жакка бааруусун билише албайт.айтар элем мектеп бутор алдында соопчулук учун бут мектептерден талантуу балдарга жардам берсе Муратова,анан башка кесипке кызыккан окуучуларды да акча албай контраксыз окуулар болсо мамлекет женилдик берилсе жаш осуп келе жаткан жаштарга ошондо жакшы олкодон ким кетмек ботон элге деп ойлойм.
28.08.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Matahara1980, коомдук адепке туура келбеген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Эскертүү!
28.08.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чет жакка чыкканда коп байкайм. Албетте жолунан адашкандар бар. Бирок алар Бишкекте, Ошто а тугул айылдарда бар. Мисалы, Москвада 12-14 саат, 3-4 айда бир дем алыш алып иштеген (уйкуга зар байкуштар), салон, бутик, авиакасса ж.б. тейлоо кызматтарын ачкан, ата-энесин камсыздап, бир туугандарына каралашкан кыздарды кордум. Бир нерсе болсо эле чет жакка чыккан кыздар деп. Жакшы кыздар толтура алардын беш мунот убактысы эсептелуу. Жаман жолго тушчу кыздар Ата энесинин торундо да бузулат.
dobrajelatel түзөттү 2018-08-28 17:13:03
28.08.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Фейсбуктан коруп калам Майрам Туралиева деген патриот кыз бар. Кыргыздын маданиятын даназалап, турдуу иш-чараларды откоруп, мигранттардын койгойун чечууго аракеттенип (ар кандай уюмдар менен бирге), жардамга муктаж мекендештерге кайрымдуулук акциясын уюштуруп коп-коп иштерди жасоодо эже агайлар менен бирге. Чет жердеги айрыкча кыргыз кыз-келиндердин жакшы жагын, жетишкендиктерин даназалабасак ким даназалайт.
28.08.2018. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бизде ушундай тушунук бар. Коп кыздардын турмушуна кедергисин тийгизген Россия, Турцияда иштейт десе бузулган деп жигиттер уйлонуудон баш тартат.
Эч ким жыргаганынан мигрант болбойт. Кимге жакпасын бейиштин тору болгон Ала-Тоонун коюнунда, оз элинде, уй-булосунун мандайында жургон.
dobrajelatel түзөттү 2018-08-28 17:37:13
28.08.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул аял озу ырдап эле акча таап жашап уйронуп калган ошон учун азыркы жаштарды тушунбойт чоон эле катын бир хит ыры да жок озу да ыр чыгарбайт даяр ырды ырдап эле тойдон акча таап жыргап жашап жатышат ушулар. ойлонбойт булар ошол тойдон тушкон акча каяктан келип жатканын.
28.08.2018. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мен лично бир кызды билем Кыргызстанда Бишкекте эле жашайт. Атасыда апасы да врачтар. Поликлиникада иштешет. Озу эмнени бутконун билбейм бирок салондо визажист болуп иштейт болчу. Анан эле олло шикарно кийирип башкача болуп кетти. Кийин билсек казакстанга ар пятница субота барып элитная проститутка болуп иштеп келет экен. Атасы менен апасынын алдында отуруп. Жамиля эже капа болбон жарытарлуу популярду деле болбооонсуз. Эми кыздаржы жон коюн адамдын озунон. Турмушта ар кандай жагдайлар болот.
29.08.2018. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жөн эле ырдап коюп женил окат мн акча таап , элдин аркасынан бутка туруп жатышат көпкөндөда ушул ырчылар көптүго.тынч тирилигин кыла бербейби.
Кызга ыйман бербесе кашында жүрүп деле бузулатта.
29.08.2018. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Турмуштун каары, жокчулуктун айынан чет жакка иштегени кеткен кыздар бар албетте. Бирок уйго батпай бир нерсени шылтоолоп чет жакка кетип жаткан кыздар кундон кунго кобойуп жатат. Болбосо уй-шарттары эл катары, ачкалыктан олуп жаткан жери жок. Болбой эле Россия, Туркияга барып иштеши керек имиш, уйундогулорго жардам бериши керек имиш...

Анан Россия, Туркияда журушот каалагандай, кой дээр кожо жок. Бешиктен бели чыкпай жатып жигит жандап, анан "алданып" калып. Калппы эмне?!
29.08.2018. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Капа болбогула го, бирок Россия, Туркияга барган кыздардын кобу "бузулуп" келуудо. Кай бироолору "алданып" калат же осознанно кыздыгын арнайт жигитине. Кай бироолор тошокто жатпаса да канча канча жигиттер менен кучакташып обушуп, турмушту коруп коюшат. Анан орус, туркторду коруп келип эле, "биз кулбузбу, кунбузбу, биз кайната, кайненени кароого милдеттуубузбу палан-тукун" деп дооруп башташат.
29.08.2018. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыскасы жаш кыздардын чет жакка чыгуусуна мен каршымын. Турмушка чыгып куйоосу менен бара берсин. Куйоосу жок болсо уйдо отурсун же окусун.

Ал эми тышта жургон кыздарга жигиттер уйлоноордо гинекологдорго текшертип анан уйлонушсо жакшы болмок... Болбосо коп кыздар абийрин ойлобой ар кимдин астында тошолуп журуп, кийин Кыргызстанга барып эрге тийип алып жатат кыздыгын тиктирип. Анан ошондо да жон журбой эски суйгондору-ойношторун эстеп, куйоосуно уруш чыгарышат себепсиз.
29.08.2018. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Matahara1980, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.

29.08.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
90 жылдары паспорт берилбей эл жер чукуп тилинин кирин соруп калган убакытты унуткан окшойсунар. Акылдуу болгонор толоо, жаш башы жана ак эмгек уй було багып жаткан кыздар жыргаганынан журобу. Бузукулар КРда деле бузукулук кылат.
29.08.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Matahara1980, порталдын колдонуучуларынын аброюна шек келтирүүгө тыюу салынган. Берилген эскертүүлөргө карабастан тартип бузгандыгыңыз үчүн БАН!
29.08.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне десе да булардыкы да туура бирок чет жерде деле озунун жеринде деле бирдей жашоо ал адамдын озунон жана тарбиядан бирок ошол чет жердегилер иштеп артисттер тойлордон саатына долларды алып жатат ошол кыздар иштебей уйдо отурушса артисттерге да доллар жок.
29.08.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч бир суроого толук, көңүл толоорлук жооп бербептир го, өзүнүн чет элге чыгып, жюри болоорунан башка. Карапайым калктын турмуш шартын билбегенден кийин оозун чоюп сүйлөбөш керек, кайсыле кыз мен Россияга барып, бузулуп келе калайын деп сапар алсын. Арким өз арабасын колунан келишинче тартат.
29.08.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыздарды жиберген Ата энелер куноолуу жаш кыздардын чет жакта журушу бул биздин мамлекеттин эн негизги койгойу.
30.08.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироонун уйунун жарыгы бироого тийбейт, бул Эжени сыйлачу элем, акыркы маектеринен бери озумчул аял деп ойлоп калдым. Ата эне балдарын окуткусу келет баары эле, бирок мумкунчулук жок болсо кантет сизге окшоп жасанып боенуп, турлоп кийинип фонограмма менее оной акча таппайт баардык ата эне, кеебириндн ата жок уйдун улуусу, кеебироондо эне жок, кеебироондо оорукчан инсан бар уйундо, соз экен деп эле оозду чое берсек болот экен да, тилдин соогу жок, бирок ошол тилден коп конулдор сынып олтурат,
30.08.2018. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир суроого конул толоорлук жооп бере албаптыр эптеп, анан элдин жашоосуна сын тагып балээси барбы, тообо. Куручтун шылтоосу менен курмок суу ичет болуп, ата энесинин арты менен ушуга жетти да. Бир эмес эки ирет "ата-энесинин мумкунчулугу жок болсочу" деп сураса да жетпептир байкушка. Тоо десе бээ деп...
31.08.2018. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жамила. жашоон жакшы болсо.Шугур деп ташынды дальше терип журо бербейсинби. Билсен ошол мигранттардын аркасы менен сенин жашоон жакшы
01.09.2018. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эже уч тилде эркин суйлоп, маданиятка салым кошкону менен, ой жугуртуусу ото томон экен. Биринчиден, официалдуу статистиканы карабай эле «кеткен кыздар эмне болгонун коруп атабыз дептир». Андай кыздар миндин же он минди бироосудур. Жакшы иштеп озун, бала-чакачын, ал эле эмес Кыргызстандагы ата-энесин каржылаган жуз миндеген, туз жургон аялзатын байкагысы келбептир. Экинчиден, официалдуу маалыматка таянып, Кыргызстанга канча деген миллиард сомдор чет олкодон эмигранттар тарабынан келип жатканын
HHFRU түзөттү 2018-09-01 08:42:59
01.09.2018. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже билбесе деле керек.Ошол чет элде иштегендердин жарымы кыз келиндер. Ошол акчага соода кылынып, уй салынып, бала багылып жатат. Экономикага салым ошол. Эжеге кааларым: конуп калган ой жугуртуудон алыстап, чет жака чыгып же чет олколордун прессасын окуп корсун. Мумкун ой жугуртуусу кенейээр... Ким билет... Ал эми чет жакта иштеп, окуп жургон замандаштарыма ийгилик каалайм, ден соолукту карагыла. Ар бир Кыргызстанга салган тыйын—олкобузго туздон-туз жардам! Рахмат сиздерге, бар болунуздар!!!
HHFRU түзөттү 2018-09-01 08:44:51
01.09.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
HHFRU, сен "чырагым", озундун ой-жугуртуунду ондоп алчы. Жашоонутушунбой туруп чон суйлобой жур. Мисалы сен кыз бала экенсин, сенин ата-энене кайсы бири маанилуу: сен жонотуп жаткан акчаларбы же сенин абийир-намысынбы?!!

Мигранттардын дээрлик жарымы кыз-келиндер, бирок ошолордун дээрлик жарымы куйоолору менен чогуу тышка чыгып, куйоосунун козомолундо болгон келиндер. Ал эми калган жарымы турмушка чыга элек кыздар жана турмушунан ажырашкан келиндер...
01.09.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
HHFRU, эми ошол кыздар менен ажырашкан келиндер кандай жургонун билбеген сон "оттоп" эмне кыласын?!! Мисалы Россияга барган, турмушка чыга элек кыздардын кеминде жарымы бир кун "алданып,", "кыздыгын" алдырып коюп, кийин "ойноп" кетишет. Анан "кыздыгын" тиктирип эптеп турмушка чыгып алышат. Куйоосунон ажырашкан келиндерге Кудай берген, 100 куйоосунон ажырашкан келин Россияга барса, кеминде 60-70и ойнош таап кетет... Туркияга барып сойку болуп иште
CEO1 түзөттү 2018-09-01 15:46:14
01.09.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
HHFRU, Туркияга барып сойку болуп иштеген кыз-келиндерди санабай эле коелу. Кобу билип туруп эле барып жатышат ошончо маалыматы боло туруп...

Эми ошондо минден бири, он минден бири деп дооругонуно жол болсун сенин?!! Билбесен суйлоп эмне кыласын?!! Кыргыз кыздары ачык эле озбек, тажик, азери, турк, даже орустар менен "ойноп" журушот, кыргызды уят кылып..... Ошондо алар сойку болсо боло берсин, акчасы маанилуу дегин барбы?!! Абийир, намыс бир тыйын болуп калганбы?!!
02.09.2018. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ач бала менен ток бала ойнобойт,мигранттар салган акчалар мектебине толонуп жатканына деле тушунбосо керек.
03.09.2018. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Owo migrant bolup iwtep jurgon kyzdar silerge okwogon yrchylardy bagyp jatat.Siler toido yrdap akcha tabyp ui bulonordu bagyp jatkan akcha kayaktan kelet.Eger bilsener owol akchanyn kop bolugu migrant bolup iwtep jurgon kyzdardan kelet. Oido karap suilowtun keregi jok.Kudaiym bir kunu silerdin da bawynarga salat.
03.09.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч ким жыргаган жашоодон талаалап кетпейт. Окууга шарт болсо окуйсунбу??? 5 кол тен эмес ар кимге төшөлүп деп тобо мынча арамсынар. Өзүбүздү өзүбүз колдобосок бири-бирибизди жеп бүткөндөн деле тайбайбыз. Канча жылдан бери иштеп жүрөм москвада ушул сөздөн тажадым москвада кыздар бузулуп кеткен деп. 12 саат иштесен бузулганы деле убакыт жок. 1 күн эс алсан үйдөгү оокат бүтпөйт ошо менен кеч кирет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо