САДЫР ЖАПАРОВДУН ИШИ КАЙРА КАРАЛАБЫ?

№825 24-30-август, 2018-жыл

11 жарым жылга соттолгон экс-депутат Садыр Жапаровдун адвокаттары ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароону суранып Башкы прокуратурага кайрылды. Адвокат Шарабидин Токтосунов кылмыш ишинде жабырлануучу катары каралган экс-чиновник Эмилбек Каптагаевдин Жапаровго эч кандай доом жок, ал кылмыш кылган эмес” деген көрсөтмөсү сотто эске алынбаган дейт. “Жаңы бийлик эски бийликтин катасын кайталабайт, Жапаровдун ишин кайра кароого жөнөтөт” деп үмүттөнүп жатышканын айтат адвокат. Ушундай үмүт “Ата Мекендин” өкүлдөрүндө да бар эле. Быйыл май айында Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары да Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароону суранып Башкы прокуратурага кайрылып, бирок көзөмөлчү орган “кайра кароого негиз жок” деп ишти кароодон баш тарткан. Прокуратуранын бул чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Текебаевдин адвокаттары сотко кайрылышкан. Бишкектин Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын чечими боюнча түшкөн арызды кароодон баш тарткан.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо