ПРЕЗИДЕНТ ТҮРКМӨНСТАНГА МАМЛЕКЕТТИК ИШ САПАР МЕНЕН БАРДЫ

№825 24-30-август, 2018-жыл

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга мамлекеттик иш сапары менен барды. Өлкө жетекчиси Түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуп, өлкөлөр ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация баш болгон бир катар документтерге кол коюлду. Алардын арасында кино жаратуу, телеберүү жаатында бирге ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча макулдашуу да бар. 

Кыргыз өлкөсү менен Түркмөнстандын соода алакасы 10 миллион доллардын тегерегинде гана. 2015-жылы Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов Бишкекке мамлекеттик иш сапары менен келип, анда 15 документке кол коюлган. Алардын көбү Кыргыз-Түркмөн өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын ортосундагы кызматташуу тууралуу макулдашуу, келишимдер эле. Ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев "Түркмөнстан Ысык-Көлгө 5 жылдыздуу мейманкана кура турган болду" деп билдирген. Андан бери 3 жыл өттү, мейманкана курула элек. Ал эми түркмөн башы “биздин өлкө Кыргызстанга арзан электр энергиясын берүүгө даяр” деген. Бирок сөз бойдон калды, өлкө дале Түркмөнстандан электр кубатын импорттобойт. Учурда өлкөлөрдүн ортосунда визалык режим иштейт, Түркмөнстанга виза ачтыруу оңой иш эмес. 2013-жылы Кыргыз Республикасы 44 өлкөнүн жарандары үчүн 60 күндүк визасыз режим киргизип, бул тизмеге Түркмөнстан кирген эмес. Тыгыз соода-экономикалык катышы жок өлкөгө мамлекеттик делегациялардын кайра-кайра “саякаттап” жатышы бюджети чектелүү Кыргыз өлкөсү үчүн канчалык зарыл эле деген суроо ачык бойдон калууда.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо