№826 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл
Гүлбү Ороскул кызынын ысымы өзү туулуп-өскөн айылдын көчөсүнө ыйгарылды.Тактап айтканда, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл өкмөтүндөгү борбордук көчөлөрдүн бири Гүлбү Ороскул кызынын ысымын алып жүрө турган болду. Ырчынын кызы Айзуура Иманалиева төмөндөгүдөй маалыматтар менен бөлүштү:
"Апам төрөлүп-өскөн айылдын көчөсүнө ысымы берилип жатканына кубандым. Бул идея үй-бүлөбүздүн ичинен чыккан болчу. Бул көчө аркылуу төрт айылга унаа каттайт, жайлоого да ушул көчө менен кетишет экен. Таенем менен таякемдер барып шагыл төгүп жарыктарды орнотуп келишти. Ачылышы жакында болот. Андан тышкары апам каза болордо айылдагы булакты эле кечке айтып калган эле. Ошол булак да корукка алынып апамдын аты менен атала турган болду. Айылдагыларга бул сунушту айтышканда баары колдоп беришиптир, токтом чыкты. Мыйзамдуу түрдө булак да апамдын атын алып жүрө турган болду".
Эскерте кетсек, Гүлбү Ороскул кызы 2017-жылдын 6-октябрында 40 жашында каза болгон.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |