
Ылайдан тургузулган тамдар Союз кезинде өлкөбүздө көп болчу. Кийин жаңы технологиядагы материалдар, анын ичинде адамдын организмине зыян алып келчү материалдардан да тамдар курула баштады. Үй салууда «моданы» кубалоо туура эместигин, башкысы, жашай турган үйүң ыңгайлуу жана ден соолукка терс таасирин тийгизбегидей болуу керектигин аңдагандар ылай там салууга кайтып жатышат. Аны жаңыча кандай ыкма менен салууга болот? Бул тууралуу ылай жана саман үйлөрдү салууга ыңгайлашкан курулуш компаниясынын жетекчиси Алтынай Солтонбек баяндайт.
«ҮЙ ТЕГЕРЕК ФОРМАДА БОЛУШУ КЕРЕК»
- Элдин көбү заманбап, кымбат курулуш материалдарынан үй салуу керек деп чуркап жүрүшсө, мен илгеркидей ылай там салуу керек деп чуркап жүрөм. Эмне үчүн? Буга жооп берерден мурун адамдын жашай турган үйү кандай болушу керек дегенге токтолоюн. Үй – жайлуу, жер титирөөгө туруктуу, бөлмөлөрү туура өлчөмдө бөлүнгөн
(мисалы, ашкана чоң болсо кожойке керектүүлөрдү бир жерден алып, колдонуп, кайра ордуна коём деп басып жүрүп чарчап калат), ички жана сырткы жасалгасы көз чарчабай тургандай,

жайында салкын, кышкысын жылуу болушу керек. Терезелери түштүктү карап, бөлмөлөргө күн тийиши кажет. Эң башкысы, үй табигый материалдардан тургузулушу зарыл. Андай тамда адам жумуштан чарчап барган соң бат эс алат, жашоого керектүү энергия менен үзгүлтүксүз камсыз болуп турат. Ооруса да бат айыгат. Адамдар илгертен эле табигаттын айыктыруучу касиети бар экенин билип, табигый материалдардан үй салып келген.
Экологиялык таза үйлөрдө таза аба, оптималдуу нымдуулук болуп, жеңил дем аласың, бат уктап, уйкуң да жакшы канат, сергек, энергияга толгон абалда ойгоносуң. Мына ушул айтылган талаптардын баарына ылайдан тургузулган үйлөр жооп берет. Болгондо да тегерек формадагы, бурчтары жок үйлөрдү салуу керек.
Анткени бурчтар адамдын көзүн, нервин чарчатат. Табигатта бурч деген жок. Андыктан жаратылышка чыкканда көз эс алат. Бизге заказ бергендердин бири бурчтары тегерек тарткан ылай там салдырууда. Биздин технологияны колдонгон бир таанышым жарымы ылайдан, жарымы саман түктөн тургузулган формасы жумурткадай үй салып жашап жатат (аянты 36 чарчы метр). Анын аялы оорусунан ошол үйдө жашагандан улам айыккан. Мен деле аллергия оорумдан кантип айыгам деп изденип жүрүп айыгууга ылай жана саман там жардам берерин билип, анан ушундай үйлөрдү кура турган компания ачкам.
Учурда курулуш материалдарына химиялык кошулмалар кошулат. Андай кошулмалар көп кошулган арзан жана сапатсыз материалдар адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү уулуу жыттарды бөлүп чыгарат. Андай жыттар баш оорудан тартып ракка чейин жеткирет. Адам үйүндө эс албай эле шалдырап, ооруйт, энергиясын жоготот, стресске көп кабылат. Бетондон салынган үйлөрдү алсак, ал нымды тартат. Адамдын организми да 80 пайыз суудан турат эмеспи. Демек, бетон адамдагы суюктукту да соруп алат. Адамдын өзүн жаман сезүүсү, ооруп калуусу ошондон келип чыгат. Андыктан илгерки ата-бабалардын ыкмасында, ылай там салуу артык.
«ДУБАЛ ҮЧҮН ЫЛАЙ КОЛ МЕНЕН КОЮЛАТ»
- Биз үйлөрдү орегон технологиясында курабыз (Орегон – АКШдагы штат. Ылай там куруу технологиясы ошол жерде иштелип чыгып, анан башка жактарга тараган). Алгач кадимкидей эле пайдубалы куюлат (бийиктиги 70 сантиметрдин тегереги). Пайдубалдан ным дубалга өтпөө үчүн пайдубалдын бетине кара кагаз (толь) төшөлөт. Анан дубал үчүн ылай даярдалат. Курамы топурактан, кумдан, самандан, суудан турат. Суу түбүнөн алынган кумдар гана пайдаланылат. Самандын абдан узундары керек. Бул дубалдын жарылбай, жер титирөөгө туруштук берүүсү үчүн зарыл. Дубалдын жазылыгы 40 сантиметр болот. Ылай абдан ийлениши үчүн чакан «порциялар» менен даярдалат. Жерге брезент жайылып, үстүнө кум, топурак, самандар ташталып, суу куюлуп, ылай бут менен абдан тепселенип жуурулат. Анан брезентти бүктөп, ылай дагы ары-бери тоголотулуп ийленет. Ийине жеткенин билүү үчүн четинен томолоктоп алып, 1 метр алыска бийикке ыргытылат. Жерге түшкөндө жарылбаса, анда ылай даяр. Ылайды четинен кол менен алып дубал коюла баштайт. Опалубка деген колдонулбайт. Бир сыйра айландыра койгондон кийин ал катуусу үчүн калтырылат да, катканда кайра иш уланат. Мындай дубал жыл өткөн сайын улам ката берип таштай катуу болуп калат. Дубал тургузулгандан кийин жыгач устундар ташталып, рейкалар кагылып, чатыр жабылат. Полу карагайдан, эшик-терезеси да жыгачтан салынат. Үйдүн ичи, тышы ылай шыбак менен 2-3 сыйра шыбалып, бети акиташ менен акталып коюлат. Эгер акиташка туз кошуп койсо кийимге жана башкага жукпайт.
«ҮЙДҮН СЫРТЫН КОЙДУН ЖҮНҮ МЕНЕН ЖЫЛУУЛООГО БОЛОТ»
- Кокус үйдүн сыртын жылуулоо керек болсо, анда койдун тытылбаган жүнүн кол менен чоюп-чоюп дубалга жабыштыра кармап үстүнөн ылай менен шыбап салууга болот. Эгер эшик-терезенин тегереги бекем болсун десеңиз, анда аттын кыгын ылайга кошуп шыбаса ылай өтө бекем болуп калат. Үйдүн 1 чарчы метрин компания 350 доллардан баалайт. Эгер адам өзү курам десе, анда арзанга турат. Үйдү технологияны туура сактап курса, жер титирөөгө туруктуу болот. Кокус ылай үйдү чоң кылып салуу керек болсо, анда жыгач каркастар керектелет.
ЫЛАЙ ТАМ
Артыкчылыктары:
-
Экологиялык жактан таза, ден соолукка зыяны жок.
-
Абаны өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар, дем алып турат. Тамак-аш жасаганда чыккан жыттарды соруп алып, кайра тазалап чыгарып турат.
-
Жылуулукту узакка сактайт. Айталы, кечинде от жагылса, жылуулукту эртең мененкиге, ал тургай түшкө чейин кармап турат. Жайкысын салкын.
-
Өрткө туруктуу.
-
Ылайы кайра иштетүүгө жарайт.
Кемчиликтери:
-
Жаан-чачындан эзилип кетпеши үчүн сыртын сөзсүз шыбоо керек.
-
Ылайдын салмагы оор болгондуктан аны ийлөөгө, дубал тургузууда көп күч керек.
- Жыл мезгилинин ысык кезинде гана тургузулат.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg