ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 10-СЕНТЯБРДАН 16-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН

№827 7-13-сентябрь, 2018-жыл


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Каржыга, өнөктөштөргө же балдарга байланыштуу көйгөйлөр кийинки аптага чейин созулушу мүмкүн. Бул жаатта жардам керек болсо жетекчиликке кайрылыңыз. Жыйынтыгы жаман болбойт. Башкысы оптимист болуңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
20-сентябрга чейин үй-бүлө маселелерин чечүүдө, жеке иштерди бүткөрүүдө көйгөй жаралат. Жетекчилик да мүнөзүн көрсөтөт. Көйгөйлөрдү чечүү үчүн текшерүү органдарына же жек-жааттарга кайрылыңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада документтерге так болуңуз. Жумушта текшерүүлөр жүрөт же айрым көйгөйлөр жаралат. Жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Ден соолукту сактаңыз. Колуңузга акча тийиши күтүлүүдө.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Эс алууга, балдарыңызга акча жумшоого аргасыз болосуз. Бул 19-сентябрга чейин созулат. Эски тааныштарга жолугасыз же эски мамилелер жөнгө салынат. Жубайыңыздын баалуу кеңешине, колдоосуна ээ болосуз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптанын аягында айрым адамдар жана жубайыңыз менен түшүнбөстүктөр жаралып, каршылыктар болот. Бул кийинки аптада да уланат. Жумуш, ден соолук жайында болот. Жоопкерчилигиңиз өсөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Туугандар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Жума күндөн тарта айрымдардын таарынычына дуушар болосуз. Кошуналар, унаа жаатында көйгөй жаралса кеңешке үйдөгүлөргө кайрылыңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Колуңузга акча тиет. Ишембиден тарта өнөктөштөр, балдар жаатында көйгөйлөр башталат. Чыгым тартасыз. Ата-эне же туугандар тараптан колдоолор болорун эске алыңыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жума күнгө чейин негизги жумуштарды бүтүрүп үлгүрүңүз. Ишембиден баштап коомдук жана чарба иштерине жүгүрөсүз. Тоскоолдуктар чыгып, үч күнгө созулат. Эски досуңуз же аксакал тууганыңыз колдойт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жума күнгө чейин баары ойдогудай болот. Андан кийин жашыруун душмандар активдешет. Сырлар ачыкка чыгат. Жагымсыз кабар угасыз. Мыйзамды сактаңыз. Туугандарды сыйлаңыз. Колуңузга акча тиет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Дос, кесиптеш, өнөктөштөр менен иштешүүгө жума күнгө чейинки мезгил жагымдуу. Андан соң алар менен түшүнбөстүктөр жаралат. Буга акча же буюм себепкер болот. Элге таасириңиз күчөйт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Бейшембиге чейин жетекчилик, өкмөт өкүлдөрү, өнөктөштөр менен жакшы иштешчү убакыт. Андан соң алардан оолак болуңуз. Түрдүү көйгөйлөрдү жаратышат. Бир сырдуу, аз сөздүү болсоңуз жеңиш сиз тарапта болмокчу.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Иш кагаздары, документ, текшерүү органдарына байланыштуу иштерди ушул аптада бүтүрүңүз. Кийинки аптада кесиптештердин, душмандардын бут тосуусуна дуушар болосуз. Эски дос, өнөктөштөр колдойт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо