-

“Барак эксклавын Өзбекстанга берип, ордуна
БАШКА ЖЕР АЛУУГА 2 өлкө тең макулдугун берген, бирок бул процесс жакында бүтпөйт”,- деп билдирди чек ара маселеси боюнча Кыргыз өкмөтүнүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров.
-
Кыргыз жеринен Тажикстанга 38 ТОННА күйүүчү майды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды.
-
Милиция бөлүмүндө бычакталып каза тапкан Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча СОТТУК ТЕРИШТИРҮҮ башталды.
-
Август айында бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлык маянасына өлкө казынасынан 1 МИЛЛИАРД 767 МИЛЛИОН 934 МИҢ СОМ жумшалганын Каржы министрлиги кабарлады.
-
Москвада курулушта иштеген 21 ЖАШТАГЫ кыргыз жараны башына кыш түшүп кетип каза тапты.
-
Айылдашын бычактаган Токмок шаардык кеңешинин депутаты ТЫНАЙ ЖАНСЕЙИТОВ табыла электигин Чүй облустук милициясы билдирди.
-
Экс-депутат Аида Салянованын иниси УЛАН САЛЯНОВдун өлүмү боюнча Биринчи Май райондук сотунда соттук отурум башталды.
-
Жалал-Абад шаардык соту Сириядагы согуштук аракеттерге катышууга айыпталган жергиликтүү жаранды 5 ЖЫЛГА эркинен ажыратты.
-
Бишкек ЖЭБинин жаңыланган блогуна суу тазалап берүүчү химиялык цехтин курулушунун 90 ПАЙЫЗЫ бүттү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы билдирди.
-
Өлкөдө экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон 500дөн АШЫК жаран бар экенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров айтты.
-
Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы АДАМКУЛ ЖУНУСОВго издөө жарыяланды. Ал мамлекетке 166 миллион сом зыян келтирген деп айыпталууда.
-
Жалал-Абадда милиция кызматкерин кызмат учурунда УНААСЫ МЕНЕН сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган айдоочу кармалды.
- Улуттук электр түйүндөрү ишканасынын билдиришинче, август айында өлкөдө 856 МИЛЛИОН КИЛОВАТТ-СААТ электр энергиясы колдонулду. 2017-жылы августта 796 миллион киловатт-саат пайдаланылган.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg