-

Өлкөдө жалпы
2846 МЕЧИТ, 83 МЕДРЕСЕ бар. 353 мечит каттоодон өтө электигин ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.
-
Экс-депутат Аида Салянованын иниси УЛАН САЛЯНОВдун өлүмүнө шектелген үчүнчү жаран Орусияда кармалганын ИИМ жарыялады.
-
Депутат Жанар Акаев “дүйнөдөгү баңгизаттын 10 ПАЙЫЗЫ Кыргыз өлкөсү аркылуу ташылып өтөт” дейт.
-
Ош облусунун прокурорунун орун басары ТӨРӨ КОЖОШЕВ асынып каза тапты. Окуя боюнча териштирүү жүрүүдө.
-
“КООПСУЗ ШААР” долбоору боюнча сынакта жеңүүчү болгон орусиялык “ВЕГА” компаниясын өкмөт 1 айдын ичинде изилдеп чыкмакчы.
-
Мамкаттоо кызматынын алдындагы Маалыматтык кызмат көрсөтүү борбору унааларды жеңилдетилген шартта кайра каттоо акциясы учурунда эреже бузуп, өлкөгө 5 МИЛЛИОН 841 МИҢ СОМ зыян келтиргени аныкталды.
-
Бишкек шаардык соту Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча кылмышка шектелип жаткан экс-мэр КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВду 28-сентябрга чейин камакта калтырды.
-
Ошто колундагы 7 айлык баласы менен үйдүн 4-КАБАТЫНАН СЕКИРГЕН келинге “адам өлтүрүүгө аракет кылган” деп кылмыш иши ачылды. Эне-бала учурда ооруканада.
-
Таш-Көмүр шаарында аскер бөлүгүндө 24 жоокерди уктап жаткан жеринен тургузуп алып сабаган прапорщик 5 ЖЫЛГА эркинен ажыратылды.
-
Өлкөнүн жылуулук системин толук жаңылоо үчүн 500 МИЛЛИОН ДОЛЛАР керектелет. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу комитетинин төрага орун басары Айтмамат Кадырбаев билдирди.
-
Парламент депутаттары ломбарддан карыз алуунун көлөмүн 100 МИҢ СОМДОН ашырбоо жөнүндө мыйзам долбоорун даярдаганы жатышат.
-
УКМК кылмышка шектелип тергөө абагында отурган экс-премьер ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВди ооруканага чыгаруудан баш тартты.
-
Өлкөдө автоунаа САЛЫГЫН ТӨЛӨБӨЙ жүргөндөрдү аныктоо үчүн рейд жүрүп жатканын Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.
- Ысык-Ата районунун аскер комиссарынын орун басары ПАРА АЛЫП жаткан жеринен колго түштү.