СУЛУУЛУК ИЙНЕСИ – МИКРОНИДЛИНГ КОСМЕТИКАЛЫК САРЫ СУУ ТОНАЛДЫК КРЕМДИН ОРДУН 1 ЖЫЛГА АЛМАШТЫРАТ

№829 21-27-сентябрь, 2018-жыл

Каш чийдирүү, оозду чоңойтуу, кирпик чаптатуу... Жыл сайынбы, күн сайынбы, айтор, косметологияга жаңы каражаттар, жаңы процедуралар кирип жатат. Бул жолу биз учурда Кыргызстанга жаңыдан тарай баштаган микронидлинг процедурасы жөнүндө сөз кылабыз. Бул косметикалык ыкманын оң жана терс жактарын кардарларды сулуулоочу адис Алина Султаналиева айтып бермекчи.

МИКРОНИДЛИНГ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Микронидлинг – жашартуучу, бет терисин тегиздеп, бирдей түстө көрсөтүүчү, бырыштарды жазуучу, ар кандай тырыктарды жашыруучу, териге серпилгичтик тартуулоочу косметикалык процедура, мезотерапиянын бир түрү. Териге Түштүк Кореяда жасалган ВВ Glow каражаты сүйкөлүп, ал ичке ийнелери бар атайын DermaPen аппаратынын жардамы менен теринин астына киргизилет. Микронидлинг жасала турган бет зонасына карата аппараттагы ийнелердин саны жана ийнени киргизүүнүн тереңдиги өлчөнөт.

Бул ыкма эки тарапка тең жагуучу процедура: кардар аз убакыт ичинде жашарып, сулууланып алса, косметолог үчүн микронидлинг жеңил жана коопсуз процедураларга кирет. Анткени ар бир кардарга жаңы, стерилденген ийнелер, медициналык кол каптар колдонулат.

ЖАСОО ЖОЛУ

1-этап. Бетке демакияж жасалат, тазаланат.

2-этап. Теринин түрүнө карата сары суу (сыворотка) тандалат.

3-этап. Керектүү өлчөмдү сары суу беттин көйгөйлүү жерине сүйкөлүп, массаж жасоодогу сызыктар боюнча атайын DermaPen аппаратынын жардамы менен теринин астына киргизилет.

4-этап. Дагы бир аз сары суу бетке сүйкөлүп, процедура кайталанат.

5-этап. Сары суунун калдыктары хлоргексидин каражаты менен тазаланып салынат. Процедура аягына чыкты. Жалпысынан процедура 30- 60 мүнөткө созулат. Жасалгандан кийин 12 саат мончо, саунага, солярийге барууга болбойт. Толук жыйынтыгы 2 жумадан соң даана байкалат. Сапаттуу косметикалык каражат менен жасалган бир жолку процедуранын таасири 3-4 айга чейин жетет. 2 жумадан соң кайра жасатсаңыз, анын таасири 1 жылдан ашат. 1 жолку процедуранын баасы 1500 сомдон жогору.

КИМДЕРГЕ ЖАСАТУУГА БОЛОТ?

• Бет териси одуракайлар

•Бетине сепкил, так түшкөндөр

•Мимикалык бырыштары болсо

•Кандайдыр бир себептерден улам калган тырыктары барлар

•Бет териси майлуу кишилер

•Бет териси кургак болгондор

•Жаш курактын өтүшүнөн улам жабыркаган терилерге

КИМДЕРГЕ ЖАСАЛБАЙТ?

•Кош бойлууларга жана эмчек эмизген энелерге

•Аутоиммундук жана онкологиялык оорулар менен жабыркагандарга

•Кан, жугуштуу, кант жана тери оорулары менен жабыркагандарга

•Өнөкөт оорулар курчуп турган кезде

•Купероз жана безеткиси барлардын оорусунун жеңил же оор экендигине карап чечим кабыл алабыз.

МИКРОНИДЛИНГДИН ОҢ ЖАКТАРЫ:

+ Оорутпайт

+ Бетти лазер менен тазалоого, пилингге алтернатива боло алат.

+ Аз убакыт ичинде бырыштардан, тырыктардан, сепкил, тактардан арылууга болот.

+ Аппараттын ийнелерин туура тандоо менен беттин каалаган зонасына жасоого болот.

+ Процедураны жыл мезгилинин каалаган учурунда жасатууга болот.

МИКРОНИДЛИНГДИН ТЕРС ЖАКТАРЫ:

- Процедура учурунда анча-мынча кан чыгышы мүмкүн.

- Бет терисинин кызарганы 1-2 саатка чейин созулат.

- Толук жыйынтыкка жетүү үчүн 2-3 жолу жасатуу керек.

- Стерилденбеген ийнелер менен жасалган процедура тери жана кан аркылуу жугуучу ар кандай жугуштуу ооруларды чакырышы мүмкүн. Андыктан сөзсүз аларды текшерүүнү унутпаңыз.

- Үй шартында өз алдынча жасоого болбойт.

Эскертүү! Микронидлинг процедурасын жасатарда дерматологдун, косметологдун текшерүүсүнөн өтүүнү сунуштайбыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(17)
25.09.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элестетип эле коркосун киши,ийнелерди бетине сайып жатканын...Болбой турган иш экен кыскасы
Izdei_-_berem түзөттү 2018-09-25 09:44:28
25.09.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Косметолог менен суйлошсом 10 мин 500 деген бир жылга ар жумада кылдырат экенбиз.
25.09.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мындай сулуулуктун мага кереги жооок, зыяны пайдасынан коп албетте
25.09.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Нервтен ооруганымда бетиме ийне сайган ( иглотерапия). Ошондогу ооруну (1.5 жыл болду) азыркыга чейин унутпадым. Кыскасы эч ким оорубасын. Бул процедураны да колдонууга болбойт го. Ийне десе зыркырайсын киши.
25.09.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен ооруп калсам 1 укол сайдырып,ошо бир эле жерге кирип чыккыча канча болом.бул бут бетинди сайгылап чыккан процедура аман эле болсун.элестеттип ушуп кеттим)олдук го кашты бетти кирипикти оозду деле баарын жасалма кылып.деги мындан даарат отпойт.кантип таза журобуз анан..
25.09.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
1 процедуранын баасын да жаза кетсениздер жакшы болмок экен
25.09.2018. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баары агарып, суйкайып жатып калат экенда жакында.. Сулуулук учун айымдар кандай гана курмандыктарга барышпайт.
26.09.2018. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр го сулуу болдун дейли, а через пять лет кандай болот
26.09.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин бир тааныншым жасаткан,шумдук .Супсулуу.Корея кыздарыныкындай бети жылмакай,тептегиз
26.09.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mela,кай жакта жасаткан сыр болбосо
26.09.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакында баардыгы жасалма болуп чыга келишет экен да. Каш кирпик эрин бет
26.09.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркектер учун да ар нерселер чыкса жакшы болмок.
26.09.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кореялыктардын сулуулугунун сыры ушунда экен да. Баласынын деле кызынын деле бети таптаза…
26.09.2018. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фуу жасатпайт болчумун))) ийнеден корком
27.09.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакында сен ким элен деп бири-бирибизди тааныбай калбасак болду.Эски суроттордон корсотуп жатып,эстетпеспек эстей деле албай калаи окшойбуз.Анткени баары сулуу.:)
30.09.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красота требует жертв..
01.10.2018. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык... гусул менен дааратка жүрөбү? кеп ошондо болуп жатпайбы. Эгер жүрбөсө кокус өлүм башка түшсө Аллахтын алдына дааратсыз гусулсуз кантип барасың.Тырмактарын лак менен боеп жүргөндөрдү дал ушул коркунуч күтүп турат!!! Убактылуу сулуулукту ойлобой түбөлүк азапты же жыргалчылыкты ойло бир тууганым!!!


1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо