-

Экс-премьер
ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ тергөө абагынан Улуттук хирургия борборуна которулду.
-
Парламент депутаттары экс-мэр Кубанычбек Кулматовго үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушууга УРУКСАТ БЕРИЛБЕЙ ЖАТКАНЫН айтып чыгышты.
-
“Соттор КИЛЛЕР СЫЯКТУУ буйрук аткаруучу болуп калышты” дейт парламент депутаты Исхак Масалиев.
-
Депутаттар КСДП акыйкатчылыкка сунуштаган ТОКОН МАМЫТОВ учурда Кыргызстан элдер ассамблеясынын жетекчиси жана премьердин кеңешчиси болуп 2 иште иштеп жатканын айтып, “бир учурда 2 кызматта туруу мыйзам бузуу” деп сындашты.
-
Депутат КАРАМАТ ОРОЗОВА өкмөттүк аппаратта Баткенден бир да кызматкер жок деп нааразы болду.
-
Сапар Исаков кызматтан алган АЛТЫНБЕК ТОРУТАЕВ Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына кайра дайындалды.
-
"МАКМАЛ" кенинде алтындын кору түгөнүп, иш токтоду.
-
Депутат РЫСКЕЛДИ МОМБЕКОВ быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылында бир да айылда жаңы мектептин курулушу бүтө электигин айтып сынга алды.
-
Бишкек шаардык соту мурдагы мэр Албек Ибраимовду камакта кармоону 2 АЙГА УЗАРТУУ чечимин күчүндө калтырды. Ибраимов 28-октябрга чейин камакта болот.
-
ШАМИЛБЕК АСЫМБЕКОВ өкмөттүк аппараттын башчысы болуп дайындалды.
-
Шаардык кеңеш 2 жолу ишеним көрсөтпөй койгон Каракол шаарынын мэри ДАНИЯР АРПАЧИЕВ кызматтан кетүүгө арыз жазды.
-
Ош шаарында КУТУРГАН ИТ ТИШТЕП алган 19 жаштагы жигит каза болгонун дарыгерлер ырасташты.
-
Жогорку Соттун төрайымы АЙНАШ ТОКБАЕВАНЫН кызматтык мөөнөтү аяктады.
-
Жыл башынан бери Кыргызстанда 280 ЧЕТ ЭЛДИК жаран депортацияланганын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.
- Кыргызстанда жарандардын 65 ПАЙЫЗЫ медициналык камсыздандырууга ээ. Бул тууралуу Милдеттүү камсыздандыруу фондунун төрагасы Акылбек Калыков билдирди.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg