ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 1-ОКТЯБРДАН 7-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН

№830 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Жеке иштериңизге көп чуркайсыз. Үй чарба жумуштарын бүтүрүү жактарын колго аласыз. Дос, өнөктөш, айрым мекеме кызматкерлери менен алака кылууда абайлаңыз. Акча жаатында таарынычтар чыгышы мүмкүн..

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Кошуна, бир тууган, жакын санаалаштар менен тыгыз мамиледе болуп, баарлашасыз. Сапарга чыгуу, унаа маселеси ойлондурат. Документтерди тактап коюңуз. Өкмөт адамдарына, жетекчиликке жакшы мамиле жасаңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Материалдык кызыкчылыктар алдыңкы орунга чыгып, акча маселесин чечүүгө киришесиз. Сарамжалдуу болуңуз. Текшерүү органдары, башка шаардык өнөктөштөр, дин өкүлдөрү менен активдүү иш алып барасыз. .

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Маанайыңыз өзгөрүлүп турат. Чөйрөдөгүлөрдүн да сизге болгон мамилеси өзгөрүлмө болот. Киреше кириши үчүн көп аракет жасайсыз. Каржы көбүрөөк болушун кааласаңыз өжөрдөнө иштеңиз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Пландаган иштерди ишке ашыруу үчүн жашыруун аракеттерди жасайсыз. Жубайыңыз, өнөктөштөр менен алака кылууда токтоо болуңуз. Жалпы долбоорлор талкууга алынат. Негизи аптада оптимисттик керектелет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Курбу, өнөктөштөр менен жакындан мамиле жасоого аргасыз болосуз. Ортодо куулук кылгандар байкалат. Жумушта активдүү болуп, врачтарга текшерилесиз. Кесиптештер менен эрегишпөөгө аракет жасаңыз. Акча, карыз маселеси ойлондурат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Өкмөт адамдары, жетекчилик менен чогуу иш алып барууга туура келет. Өз кызыкчылыгыңызды ойлосоңуз ийкемдүү болуңуз. Эс алууга, балдарга, чыгармачылыкка көңүл бурасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Башка шаардык өнөктөш, алыскы жек-жааттар менен жолугушасыз. Көзөмөл органдары менен иштешүүгө туура келет. Үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашууда сылык болбосоңуз чыр чыгат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Кошумча акча булагын табууга чуркайсыз. Эл менен мамиле түзүүдө адилеттүү болуңуз. Бирөөнүн эмгегин уурдабаңыз. Кошуна, бир тууган, унаага байланыштуу маселени чечүүгө туура келет.Тыным аз болот.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Өмүрлүк жарыңыз, дегеле адамдар менен сүйлөшүүдө тактикалуу болуңуз. Болбосо ортодогу мамилелер бузулат. Акча табуу жаатында активдүүлүгүңүз күчөйт. Ачууну тыйып, ач
көздүккө алдырбаңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жумушка, ден соолукка жакшы көңүл бөлүү зарыл. Анткени майда көйгөйлөр чыгат. Көнүгүүлөрдү жасап, сергек жашоого өтүңүз. Акыркы кезде чыккан тоскоолдуктарды жеңүү үчүн кыраакы болуңуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Чыгармачылыкка, спортко, балдарга байланыштуу эски маселелер козголот. Чечкиндүү болуп, көйгөйлөрдүн кайра кайталанышына жол бербеңиз. Жашыруун аракеттериңиз күчөйт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо