АЛМАНЫН СҮРӨТҮ ҮЧҮН 135 МИҢ СОМ. АБРОЙ АЙФОН МЕНЕН ЧЕНЕЛЕБИ?

№830 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл

Үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрында "Apple" компаниясы iPhone XS, XS Max жана баасы чөнтөккө ылайык делген XR деген үлгүдөгү смартфондорун элге көрсөттү. "Apple’дин" бул партиядагы смартфондору 21-сентябрдан тарта расмий түрдө сатыкка чыкты.

БААСЫНДА ӨЗГӨРҮҮ БАР, САПАТЫНДАЧЫ?

iPhone XS жана XS Max 5,8 жана 6,5 дюймдуу экран менен алтын, күмүш жана “боз космос” деген 3 түстө жарык көрдү. "Аpple’дин" башкы директору Тим Куктун айтымында, бул ирет аталган смартфондорго 6 ядролуу процессор орнотулган. Ушундан улам бул жолу жарык көргөн смартфондор мурунку үлгүлөргө салыштырмалуу тиркемелердин ишин 30 пайызга жакшыртат деп ишендирет Кук. Бирок быйыл жарык көргөн Айфондордун сырткы көрүнүшү 2017-жылкы iPhone X үлгүсүнө дээрлик окшош экенин да жашырып болбойт. Темир жана айнектен жасалган корпусу, тигинен жайгашкан эки камерасы аталган смартфондун буга чейинки үлгүсүн элестетет.

Ал эми жаңылык катары анда “үй” деген клавишасы жок экенин, камерасы Smart HDR режиминде иштеп, тартылган сүрөттүн сапатын автоматтык түрдө жакшыртарын айтса болот. Ошондой эле "Apple" быйыл биринчи жолу 2 SIM-картага ылайыкталган смартфон чыгарганын да кошумчалай кетпесек болбос.

АЙФОН ЖЕТПЕЙ КАЛАБЫ?

"Apple’дин" расмий дүкөндөрүнүн алдында Айфондун жаңы моделин сатып алуу үчүн күндөп-түндөп кезек күткөндөр мына ушундай суроону жаратат. Аталган компания өндүргөн смартфондор модага айлангандан бери минтип жүздөп, миңдеп кезекке туруу фанаттар арасында ар жылы кайталана турган салтка айланып баратат.

Ал эми Орусиянын борбору Москва шаарынын жашоочулары жаңы үлгүдөгү Айфонду сатып алуу үчүн кезекке турууну 5 күн эрте башташты. Ал тургай жергиликтүүлөрдүн арасында кезек күтүп берүүчү кызматын сунуштагандар да пайда болду.

БИР АЙФОН АЛУУ ҮЧҮН 9 АЙ ИШТЕШ КЕРЕК

iPhone XS жана XS Max смартфондорун каалоо жана капчыкка жараша 64, 256 жана 512 ГБ эс тутуму менен сатып алса болот. Төмөндө Бишкек шаары боюнча баалар көрсөтүлгөн:

► iPhone XS 64 ГБ – 81 миң сом

► iPhone XS 256 ГБ – 95 миң сом

► iPhone XS 512 ГБ – 118 миң сом

► iPhone XS Max 64 ГБ – 92 миң сом

► iPhone XS Max 256 ГБ – 105 миң сом

► iPhone XS Max 512 ГБ – 135 миң сом

► iPhone XR – 51 миң сомдон башталат

Бүгүнкү күнү айлык акынын өлчөмү боюнча Кыргыз өлкөсү дүйнөлүк рейтингде 157 мамлекеттин ичинен 122-орунду ээлейт. Өлкөбүздөгү орточо айлык акынын көлөмү 15 миң сомду түзөт. Демек, орточо айлык акы алган кыргызстандык жаңы Айфон сатып алуу үчүн тапкан каражатын ичпей-жебей туура 9 ай чогултушу керек деген сөз.

Руслан Айдаралиев, сатуучу-консультант: “АТА-ЭНЕСИН ЫЙЛАТЫП НАСЫЯГА АЙФОН АЛЫП КЕТКЕНДЕР БАР”

– Руслан, айтсаңыз, Айфондун жаңы моделдерине кызыккандар болуп жатабы?

– Ооба, сурай башташты. "Apple’дин" башка фанаттарындай эле бизде да Айфондун улам жаңы моделин сатып алып көтөргөн жаштар бар. Алар үчүн смартфондун өзүнө караганда ага түшүрүлгөн алманын сүрөтү көбүрөөк маанилүү жана баалуу деп ойлойм. Анткени компания жарнаманы абдан жакшы жасайт, ал эми анын фанаттары жарнаманын курмандыктары. Моданын артынан кууган колдонуучуларда компания өндүргөн смартфонду көтөрүү менен адам өзүнүн финансылык абалын, аброюн же беделин башкаларга көрсөтсө болот деген түшүнүк жашайт. Алар өздөрүнүн мээсин “ушул телефонду алсам мен эң кыйын адам болом” деп ишендирип алышкан. Ушул кызыкчылык менен жадакалса ата-энесин ыйлатып туруп насыяга смартфон алып кеткен жаштар бар.

– Сиздин жеке пикириңизде смартфондор 90-100 миң сомго татыктуу элеби?

– Негизи эле смартфондун өзү мынча чоң акчага татыктуу эмес деп ойлойм. 10 миң сомго сатып алынган смартфон менен 90 миң сомго алынган смартфондун дээрлик айырмасы жок.

– Эми Айфондордун техникалык абалына токтолсоңуз.

– Айфондун артыкчылыгы – өзү кымбат болсо да, тетиктери арзан. Андан тышкары интернет колдонгондо көпкө “ойлонбой” ылдам иштегени жакшы. Кемчилиги деп баасын жана аккумуляторун айтат элем. Мисалы, "Xiaomi'нин" аккумулятору кем дегенде саатына 3000 м/Ампер болуп өндүрүлгөн. Ал эми "Apple’дин" смартфондорун аккумуляторлору саатына 1200-2000 м/Амперди эле түзөт. Ушундан улам адистер 100 пайыз толтурулган Айфонду тынымсыз колдонуу менен анын кубатын 2 саат 45 мүнөттө түгөтүп койсо болорун айтышат.

"Apple Store" расмий дүкөнүнүн алдында кезек күткөндөр. Сингапур, 21-сентябрь.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
02.10.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми эммне дейм, айфондун артынан куугандарга ийгилик.
02.10.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
777bazamat, мен да ийгилик каалайм ошолорго
02.10.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кобунчо кыздар кызыгат айфонго 15 мин сомдук самсунг менен 100 мин сомдук айфондун айырмасы деле жок только корпусу башка
02.10.2018. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Манкурттар
02.10.2018. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргызстанда орточо айлык 15000 болуп калганбы?
03.10.2018. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jyrgal_msk, да, официально орточо 220 доллар
02.10.2018. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сиямиге жетпейт озу
02.10.2018. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Понт да жон эле
03.10.2018. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин 6700 дук Редмим сопсонун. Айфонду 60-100 минге сатып алгандан Коро пайлалуураак нерсеге жумшакмын
03.10.2018. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен айфон 6S колдоном дайыма, анткени арзан. $300
08.10.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zaina,аябай арзан экен ой тобоо. Кыргызстанда орточо айлык 300 доллар болду бекен
10.10.2018. 06:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samat777,ой Тобол, мен Кыргызстанда жашабайм, биз учун аябай арзан.
03.10.2018. 06:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айфон 6s менен айфон x ти салыштырса болот, мен учун айырма жок. Самсунг менен салыштыруу бул асман менен жер. Айфон колдонгондон кийин Самсунгга отуу оор.
05.10.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zaina,айфондон эле самсунга отком эки жыл котордум айфонду эч жаккан эмес. Бирде суукта эшикте калып экинчи айфон которбойм деп чечкем. ото катту суукта айфон автаматический очуп калат жылуу жерге киргенинде жанат. зарядты да аз кармайт. Эмнесин жакшы корушот билбейм
03.10.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айфон ыраазы болсун...
03.10.2018. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаштар.Жаштар.Бул менен чын эле оздорун корсоткусу келишет.Айрыкча бизде.
03.10.2018. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Самсунг зынкккк дегендер барбы??
03.10.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MegamozG_91 албетте чонтокко да иштеткенге да самсунг жакшы.
03.10.2018. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
циаомилер жакшы менимче айфон жон гана еврейлердин жана американецтердин бир фокусу калп эле элди дуулуктургон менделе айфон s6 котордум самсунг s7 дей эле андан отуп тушпойт ну баарынан циаоми 5 плюс жакты акчасы арзан программалары жакшы акумлятор мощьный дагы эмне керек туурабы
04.10.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул алмага алданып убагында Адам менен Ева бейиштен айдалган
04.10.2018. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ursus,тиштелген алманын айынан бейиштен куулган
04.10.2018. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Самсунг j 3 эле жакшы 2017ж чыккан.5000с турса керек азыр.мен ошону эле которуп журом.самчунга жетпейтда сиоми миомилеринерди которгом.заряды 20минуттук эле.самсунг 2кунго жетет заряды
05.10.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mikra,ой каерде бар экен 5000сомго мен да алмакмы
06.10.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албетте, карызга алып, ата-энесин кыйнаган туура эмес. Эпплдин продукттары бул понт, социалдык статустун корсоткучу. Жогодудагы салыштырмалар жигули менен лексусту салыштырганадай эле. Экоо тен авто, бир жерден экинчи жерге алып барат. Бирок эмнегедир коптор колунан келсе кымбатын алат.
Сапаты начар дегенге кошулбайм, менде Apple дин дээрлик бардык продукциясы бар, Европада жашайм, ала алам. Сапаты —супер. Баары бир ар ким оз оюнда калат, алма менен же алмасыз деле бактылуу бололу, достор.
HHFRU түзөттү 2018-10-06 13:45:28
06.10.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Xiaomi аппараттары керектүү учурда көзүңдү ачат го чиркин.iphone канча жолу мени уят кылды, керектүү учурларда өчүп калып ит кылган. Аркандалган эшекке окшоп зарядник дайым сайылып турбаса болбойт
06.10.2018. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurgazy80,Бишкекте айфондун оригиналдары сатылбайт болуш керек, анткени Кытайда копиясын жазашат, качествосу начар. Мен апама озум бир жыл колдонгон оригинал айфон алып келип бергем. Апамдын дачасында бир да телефон тартчу эмес, эми айфон менен уйунун ичинен эле суйлошот, жакшы тартат.
08.10.2018. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 симкарта китайский екенго А оригиналы 1 симкарта
08.10.2018. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Синдим отпускноюна 65 минге айфон алыптыр, билбейм мага жакпады. Ошол акчага эс алып келсе жакшы болмок))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо