ЧЕКИСТ АКЫЙКАТЧЫ БОЛО АЛАБЫ?

№830 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл

Парламент 64 жаштагы Токон Мамытовду акыйкатчы кызматына шайлады. Анын талапкерлигине 79 депутат добуш берди. Мамытовду бул кызматка КСДП фракциясы сунуштаган. Депутаттар Мамытовго карата коомчулукта айтылып жаткан сын-пикирлерди эске алышкан жок деп сындалууда. Айрым депутаттар жыл сайын Акыйкатчы институтуна миңдеген адамдар кайрыларын, бирок саналуу эле кайрылуулар боюнча жыйынтык болорун айтып, “бизге Акыйкатчы институтунун кереги барбы?” деп суроо салышты. Өлкөдө Акыйкатчы институту 2002-жылы түзүлгөн. Ал кезде парламент депутаты Адахан Мадумаров бул органды түзүүнүн канчалык зарылчылыгы бардыгын сурап, акыйкатчы президентке көз каранды болуп, өз алдынча маселе чечпеген кызматкер болорун айтып чыккан. “Конституцияда адам укуктары корголот деп жазылып турат. Биз аны президенттен гана талап кылышыбыз керек. Ортомчунун кереги жок” деген Мадумаров. Европа мамлекеттеринде акыйкатчы институттары ийгиликтүү иштейт. Ал эми Кыргыз жеринде бийликтин айтканынан чыкпаган артык баш орган экенин айткандар азыр дагы көп. Бул органга жетекчиликке УКМКнын генералы шайланганда мындай сындар ого бетер күчөдү.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо