ПРЕЗИДЕНТТИН АГАСЫ ЖУСУПБЕК ШАРИПОВ ДАГЫ БИР ӨЛКӨГӨ ЭЛЧИ БОЛОТ

№830 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Молдовадагы элчиси кызматына Жусупбек Шариповдун талапкерлигин сунуштады. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети анын талапкерлигин колдоого алды. ТИМдин өкүлү "Кыргыз өлкөсү менен Молдованын алакасы өнүгүп жатат, ошондуктан элчилик ачуу зарылдыгы жаралды" дейт. Жусупбек Шарипов президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы. Азыркы тапта Кыргыздын Украинадагы элчиси болуп иштейт. Эгер парламент колдоого алса кошумча Молдовада элчилик кызматты аркалайт. Анын резиденциясы мындан ары мурдагыдай эле Киев шаарында жайгашып, ал бир учурда эки өлкөдө элчи болуп иштей бермекчи. Коомчулукта “өлкөдө үй-бүлөлүк башкарууга кайтуу коркунучтары бар” деп коңгуроо кагылып жаткан шартта президенттин агасына дагы бир өлкөгө элчилик кызматы кошулуп жатканы кызык.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо