-

Быйыл тышкы карызды төлөөгө
28 МИЛЛИАРД СОМ жумшаларын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
-
Учурда №2 аялдар абагында 344 АЯЛ жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
-
Башкы прокурор ӨТКҮРБЕК ЖАМШИТОВ “Беларусь өлкөсү саясий куугунтук деген негиз менен Бакиевди бизге бербей жатат” деди.
-
Кара-Суу районунда милициядан качып жашынып жүргөн АВТОМАТЧАН КЫЛМЫШКЕР 1 аптадан бери кармала элек.
-
Тажикстандын жарандарына Кыргыз жеринде 60 КҮН КАТТООСУЗ жүрүшүнө уруксат берилгени жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору парламентте 2-окууда каралды.
-
Бишкекте 100гө жакын кишини Сириядагы куралдуу жаңжалдарга жөнөткөн эл аралык ТЕРРОРДУК ТОПТУН мүчөсү кармалганын УКМК кабарлады.
-
Быйылкы кышка карата өлкөгө 2 МИЛЛИОН 329 МИҢ тонна көмүр керек экенин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети билдирди.
-
“Министрликтердин бюджетин 2019-жылы 14 МИЛЛИАРД СОМГО кыскартуу пландалууда”,- деп билдирди каржы министри Адылбек Касымалиев.
-
ИИМдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргыз жеринде Тажикстандын 46 ЖАРАНЫ иштесе, 1944 жараны окуу жайларда окуп жатат.
-
Борбордук шайлоо комиссиясы Каракол шаарынын МЭРИН ШАЙЛООНУ 12-октябрга дайындады.
-
Экс-премьер ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ Улуттук кардиология борборунда дарылануусун улантууда.
-
Кыргыздын эмгек МИГРАНТТАРЫНЫН 45 ПАЙЫЗЫ аялдар. Бул тууралуу Миграция боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.
-
Мамлекеттик айыптоочу соттон “теракт тууралуу жалган маалымат таратууга” шектелип жаткан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевди 2 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН ажыратууну сурады.
-
Адам уурдоо боюнча жыл башынан бери 16 ФАКТ боюнча кылмыш иши ачылды.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg