№831 5-11-октябрь, 2018-жыл
Бүгүнкү күндө ашыкча салмактан арылууга арналган диеталардын түрлөрү көп. Алардын бири – белоктуу диета. Аталган диетанын оң жана терс жактары тууралуу туура тамактануу боюнча кеңешчи Калыбек Баякунов айтып бермекчи.
БЕЛОКТУУ ДИЕТА ДЕГЕН ЭМНЕ?
– Белоктуу диетаны башында бодибилдер булчуң чыгаруу максатында пайдаланып келишсе, кийинчерээк диетологдор диетанын курамына бир аз эле углевод кошуп өзгөртүшүп, ашыкча салмактан жабыркагандарга сунуштай башташкан. Аталган диетада жалаң белокко бай азыктар сунушталат. Белоктуу диетанын негизги максаты – углеводдорго «ачкачылык» жарыялоо, башкача айтканда, организмде тез жана кеч сиңүүчү углеводдордун таңсыктыгын жаратуу. Алсак, картошка, макарон азыктары, нан, күрүч, буурчак сыяктуу азыктар, таттуу мөмө-жемиштер, каймак май, туздалган, ышталган азыктар жана башкалардан баш тартуу. Бул учурда организм тери астындагы майлардын запасын иштетип, анын ордуна булчуңдарды жаратат.
Бул диетаны жылына 2-3 жолу 2 жумадан ашырбай кармоо шарт. Тез-тез диета кармоо анын таасирдүүлүгүн жайлатат. Белок диетасында тамактануу 1 күндө 5-6 жолу, аралыгы 2,5-3 сааттан кем болбошу шарт. Колдон келсе бууга, сууга бышырылган азыктарга ыктоо керек. Бир жолку тамактын көлөмү 200-250 граммдан ашпашы зарыл.
Диетаны кармоодон мурун дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, аны менен катар аталган диетанын оң жана терс жактары менен таанышып алган туура.ОҢ ЖАКТАРЫ
ТЕРС ЖАКТАРЫ
КИМДЕРГЕ СУНУШТАЛБАЙТ?
БЕЛОККО БАЙ АЗЫКТАР
РЕЦЕПТТЕР
СЫР РУЛЕТИ
Керектелүүчү азыктар:
Жумуртка – 4 даана
Сыр – 80 грамм
Фарш – 400 грамм
Пияз – 1 даана
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Пиязды аарчып, майда туурап, фарш экөөнү майга кууруп алабыз.
2. Жумурткага сырды кошуп жакшылап аралаштырабыз.
3. Көмөч казанга бир аз май куюп, жумуртка менен сырдын аралашмасын куябыз.
4. Куймактын бети ката баштаган кезде куурулган фаршты себелеп, рулеттей кылып оройбуз. Тамагыбыз даяр! Рулетти жашылча салаты менен дасторконго беребиз.ШИРЕЛҮҮ БАЛЫК
Керектелүүчү азыктар:
Балык – 400 грамм
Апельсин – 1 даана
Өсүмдүк майы – 1-2 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Балыктын сулп этин кагаз майлык менен аарчып кургатабыз.
2. Апельсиндин ширесин идишке сыгып алып, туз, мурч кошуп аралаштырабыз да, балыкты бул маринадга салып 15 мүнөт кармайбыз.
3. Электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, балыкты салабыз. Үстүнө 1 аш кашык өсүмдүк майынан куюп, 180 градуста 15-20 мүнөт бышырып алабыз. Даяр болгон балыкты ар кандай жашылча салаттары менен берүүгө болот.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |