БИР БҮРКҮМ. САПАР ИСАКОВ ДАГЫ 2 АЙГА КАМАКТА КАЛДЫ...

№831 5-11-октябрь, 2018-жыл

  • Кыргыз өлкөсү 4 миллиард доллар тышкы карызы үчүн жыл сайын 13 МИЛЛИАРД СОМ туум төлөп жатканын Каржы министрлиги билдирди.
  • Бишкек шаардык мэриясы ушул жылдын аягына чейин газ менен жүргөн 60 ЧАКТЫ автобус сатып алууну пландап жатат.
  • Туруктуу элдик кеңеш президент жана Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө баа берүү үчүн ноябрда ЭЛДИК КУРУЛТАЙ өткөргөнү жатат. Бул кеңешке Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев өңдүү саясатчылар мүчө.
  • 2010-жылы күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна ЭС АЛУУЧУ ЖАЙ куруларын Бишкек мэриясы кабарлады.
  • Депутат Алтынбек Сулайманов премьер-министрди облус башчы жана акимдик КЫЗМАТТЫ ЖОЮУГА, айыл өкмөттөр менен түз иштешүүгө чакырды.
  • Акыркы 4 жыл аралыгында Кыргыз өлкөсүндө 4141 БАЛА асырап алынган. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова билдирди.
  • Миграция кызматынын мурдагы башчысы АЛМАЗ АСАНБАЕВ «Сапар Исаковду колдогон пикирим үчүн мени кызматтан кетиришти» дейт.
  • Жарандык активист МАВЛЯН АСКАРБЕКОВ Бишкектин Биринчи Май районунун акиминин орун басары болуп дайындалды.
  • Расмий маалыматка ылайык, жыл башынан бери өлкөдө 3 ЖООКЕР КАЗА ТАПСА, 2 жоокер жаракат алган. Ал эми 32 жоокер ур-токмокко кабылган.
  • Мектеп окуучулары 5-ноябрдан 12-ноябрга чейин КҮЗГҮ КАНИКУЛГА чыгышарын жооптуу министрликтен билдиришти.
  • Биринчи Май райондук соту экс-премьер САПАР ИСАКОВДУ 5-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
  • Эсептөө палатасы: «2016-жылы Транспорт министрлиги жол оңдоодо мыйзам бузууларга жол берип мамлекетке 351 МИЛЛИОН СОМ зыян келтирген».

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо