КРЕДИТТИ ӨЗ УЧУРУНДА ИШТЕТПЕГЕНИ ҮЧҮН КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ КЫТАЙГА 4,6 МИЛЛИОН ДОЛЛАР АЙЫП ТӨЛӨДҮ

№832 12-18-октябрь, 2018-жыл

Кытайдан алынган кредитти өз убагында алып иштете албаганы үчүн Кыргыз өлкөсү Кытайдын "Эксимбанкына" 4,6 миллион доллар айып төлөдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди. Акча жок дейбиз, бирок тышкы карыз боюнча акчаны өздөштүрө албаганыбыз үчүн үстөк пайыздан тышкары комиссия да төлөп жатабыз. Мына, "Эксимбанкка" 4 миллион 622 миң доллар комиссия төлөдүк”,- деди Марипов. Мындан тышкары кредиттик макулдашуулар боюнча карыздык милдеттемелер өз убагында катталган эмес. Убагында пайдаланылбаганы үчүн комиссиядеген аталыштагы төлөм бюджеттин эч бир бөлүгүндө, атүгүл тышкы карызды тейлөө үчүн бюджеттин чыгаша бөлүгүндө да каралган эмес. Бул 2017-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик карыздын каттоосунда 4 миллион 622 миң доллар – "Эксимбанктын" кредити боюнчапайыздардеп бурмаланып көрсөтүлгөн”,- деп айтылат Эсептөө палатасынын отчётунда. Марипов бул боюнча каржы министринин тийиштүү орун басары Мирлан Байгончоковдун жоопкерчилигин кароону өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылганын билдирди.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо