-

Маданият, маалымат жана туризм министри
СУЛТАН ЖУМАГУЛОВ узакка созулган оорудан улам 59 жашында каза болду.
-
ЖЭЭНБЕК КУЛУБАЕВ Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчиси болуп дайындалды.
-
Расмий маалымат боюнча, учурда өлкөдө психикалык жактан жабыр тарткан 53 МИҢ АДАМ каттоодо турат.
-
Алматыда куш тумоосу жайыла баштады деген маалыматтан улам Кыргызстан Казакстандан ТООК ЭТИН АЛЫП кирүүгө убактылуу чектөө киргизди.
-
Бишкек шаардык соту экс-мэр КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВду28-октябрга чейин камакта калтырды.
-
Бишкекте 9 айда 1594 ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталып, анда 40 адам каза болгон.
-
“Бишкекте Кытай компаниялары 2 жылда 90 ЧАКЫРЫМ ЖОЛ курушту” деди шаар мэри Азиз Суракматов
-
Баткенде кийикти улагы менен кошо мыйзамсыз аткан жаранга 220 МИҢ СОМ АЙЫП салынды. Айыпты ал 1 айдын ичинде төлөөгө тийиш.
-
7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктар 7-ноябрдан 11-ноябрга чейин ЭС АЛЫШАТ.
-
Базар-Коргондо автобекетте айылдашын бычактап салган жаран 20 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН ажыратылды.
-
ТАЛАНТБЕК ИСАЕВ ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
-
Депутат Руслан Казакбаев президенттен учурда сыртта баш калкалап жаткан ӨМҮРБЕК БАБАНОВдун маселесине көңүл бурууну өтүндү.
-
Парламент депутаты Махабат Мавлянова УКМКны социалдык тармактагы ОРУНСУЗ КАРАЛООЛОР менен күрөшүүгө чакырды. Буга чейин аталган депутат Кытай жарандарына визасыз режим киргизүү сунушу үчүн сындарга кабылган.
-
Облус, акимчиликтерди жоюп болсо да МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫН көтөрүү керек дейт парламент депутаты Абдывахап Нурбаев.
-
Экс-депутат Аида Салянованын иниси УЛАН САЛЯНОВдун ӨЛҮМҮ боюнча сот жыйынында жабырлануучу тараптын кылмыш ишин кайра тергөө өтүнүчү канааттандырылган жок.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg