Ашымбек Мамытбеков: «АНЫН АТЫ АЙЖАМАЛ ЭМЕС, АЙНА БОЛЧУ»

№400 2-8-июль, 2010-ж.

Бир ырдын тарыхы

“Айжамал” аттуу ырды баарыбыз сүйүп угабыз. “Анын тарыхын айтып бериңиз” деп бул ырды жазган обончу Ашымбек Мамытбековго кайрылдым.

АВТОР ЖӨНҮНДӨ
Ашымбек Мамытбеков залкар ырчылардын алтын бешиги болгон Токтогул районунда 1957-жылы жарык дүйнөгө келген. Төрт баланын ардактуу атасы, жубайынын күйүмдүү жолдошу. Токтогул райондук маданият үйүнүн директору. 30дан ашуун обондуу ырларды жараткан. Алардын ичинен аккордеон коштоосунда аткарылган мукамдуу обону – “Айжамал”.

«АЛКЫМЫҢ ТОСЧУ ЖЫТТАЙЫН...»
Ыр 1974-жылы жазылган. Оо, ал кезде агайдын 10-классты бүтүп, кер мурут тартып, кыз жандап калган чагы. Бажырайган карагат көздөрдүн арасынан балага өзүнүн классташы Айна жакшынакай көрүнүп, аны сүйүп жүрчү. Чымыны бар жигит ал кезде бир топ кароо сынактарга катышып, ансамблде ырдап жүрөр эле. Бир күнү “Ариет” аттуу ансамблде иштегени өрүштүү Өзгөнгө сапар тартат. Ал жакта чыгармачылык менен жүрүп, кичи мекенине кайтса, Айнасы башка бирөөгө турмушка чыгып кетет. Алгачкы тунук сүйүүсүнө арнап обон жаратып созуп калат. Айна деген ат обонго түшпөй жатканда Айжамал деп атын өзгөртүп ырдап чыкканын айтат.
Ашымбек ага Айна тууралуу: «Айна классташым, татынакай кыз эле да. Ага ашык болгондордун арасында мен да бар элем. Анан мен гастролдоп кетип келсем эле, башкага турмушка чыгып кетиптир. Ал азыр Ошто турат. Үй-бүлөлүү, бала-чакасы бар. “Айжамалдын” тарыхын айтып берсем жеңеңер унчукпай, күлүп калат. Ошентип, Айнага жетпей, бирок арзып жүрүп түшүнүктүү жубайыма жолуктум», -дейт.

СЫЙМЫККА КАПА, ИЛЬЯЗГА ЫРААЗЫ
Кыргызстан Компартиясынын алтын фонду уюштурган бир концертте драматург Токтоболот Абдымомунов “Айжамал” ыры үчүн деп авторго Ардак грамота тапшырган. Тар чөйрөдө ырдалып жүрүп, Сыймык Бейшекеевдин колуна тийип калат. “Сыймык ырдап жүрдү, бирок бир да жерде менин атымды атап койбогону кейитчү. Ошондой күндөрдө бир жигит “Айжамалды” мыкты деңгээлде ырдап калды. Көрсө, ал Ильяз Андаш деген жигит экен. Ал деле менден сураган эмес. Бирок экөөбүз жолугуп сүйлөшүп, уруксатымды бергем. Ильязга рахмат, ырга экинчи өмүр берди”,- деп билдирет автор.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(3)
05.07.2010. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iliaz azamat!
Yr abdan jakshy atkarylgan!!!
09.08.2010. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы уккулуктуу ыр, мага жагат, мен бул ырды уксам бала кездеги кундорду эстеп алам, ырды жараткан акеге чын-ден соолук, узак омур, ар дайым уй-булонуз менен бактылуу омур сурун.
12.02.2022. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдошбек Мамажанов ырдап жүрчү ырбы? Автору го деп ойлочу элем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо