КАРАКОЛДУН ЖАҢЫ МЭРИ ЖЭЭНБЕКОВДОРГО КҮЙӨӨ БАЛА ДЕП ТАЛКУУЛАНУУДА

№833 19-25-октябрь, 2018-жыл

Каракол шаарынын мэри болуп Адыл Каниметов шайланды. Каниметов буга чейин аталган шаарда вице-мэрлик кызматты аркалап келген. Шаардын буга чейинки мэри Данияр Арпачиевге шаардык кеңеш 2 жолу ишенбестик көрсөтүп, кызматтан кетирген.

Адыл Каниметов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жангороз Каниметовдун баласы. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экени айтылып, коомчулукта талкууга алынууда. Каниметов өзү Жээнбековдорго күйөө бала экенин ырастап же төгүндөй элек. Бул унчукпоо элдеги күмөн саноону күчөтүүдө. Жогорку кызматтарга президенттин жакындарын коюу өлкөдө 2 ирет үй-бүлөлүк кландык башкарууга алып келген. Андыктан жек-жаат, тууганчылыкка ыктаган кадрдык саясаттын аягы жакшы бүтпөсүн эскерткендер да болууда.

Жусупбек Шариповго Украинадагы элчилик кызматына кошумча Молдовадагы элчилик кызмат берилгени жатат. Тийиштүү сунуш парламент комитетинде каралып, депутаттар колдоого алышты. Ушундай окуялар президенттин “үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейм” деген убадасына күмөн жаратууда.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо