200 МИҢ ДОЛЛАР ПАРА МЕНЕН КАРМАЛГАН ПРОКУРОР БОЮНЧА ТЕРГӨӨ БҮТТҮ

№833 19-25-октябрь, 2018-жыл

"200 миң доллар пара алды” деп кармалган Башкы прокуратуранын кызматкери Улан Чалбаевге ачылган кылмыш иши боюнча тергөө бүттү. УКМК тийиштүү материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп бергенин кабарлады.

Ушул жылы апрелде Башкы прокуратуранын Прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК кабарлаган. Кылмышка шектүү тергөө бүткүчө камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси – пара талап кылуу боюнча кылмыш иши ачылып, тергөөнү УКМК жүргүздү. 2016-жылы 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган Башкы прокуратуранын кызматкери Кылычбек Арпачиев 14 жылга эркинен ажыратылган. Мыйзам баарына бирдей иштесе, анда Чалбаевдин жазасы да Арпачиевдикинен жеңил болбошу күтүлөт.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо