-

Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобус айдоочулары
ЖОЛ КИРЕНИ КӨТӨРҮҮНҮ талап кылышууда. Мэрия азырынча макул эмес.
-
"27 абитуриентти окууга мыйзамсыз киргизген" деп айыпталган Жогорку Кеңештин экс-депутаты КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВди Бишкектин Биринчи Май райондук соту актады.
-
Өлкөдө КОЙ-ЭЧКИЛЕР 2019-жылы идентификациядан өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
-
Жакындары мыйзамсыз соттолуп кеткенин айткан Бишкектин жарандары Ак үйдүн алдына МИТИНГГЕ ЧЫГЫП, президенттен өлкөдөгү баш аламандыкты токтотууну талап кылышты.
-
Ушул жылдын 9 айында салыктын эсебинен мамлекеттик казынага 57 МИЛЛИАРД 479 миллион сом түшкөнү расмий маалымдалды.
-
Кыргызстанда жалпы 19 УЧАК бар, анын 17си жеке авиакомпанияларга таандык. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди.
-
Жыл башынан бери өлкөдө 10 ЧЕК АРА ЖАҢЖАЛЫ катталганын Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.
-
Өлкө боюнча 203 СОТ АТКАРУУЧУ бар. Бул тууралуу Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов билдирди.
-
Парламент депутаты ИРИНА КАРАМУШКИНА КСДПнын Бишкек шаары боюнча координатору болуп шайланды. Мындай чечим партиянын шаардык конференциясында кабыл алынды.
-
Бишкек-Ош трассасында айдоочу оор жүк ташуучу унаа менен 15 ЖЫЛКЫНЫ СҮЗҮП өлтүрдү.
-
Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө 18-октябрдан тарта ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛЕ баштады.
-
Парламент депутаты ААЛЫ КАРАШЕВ "азыркы өкмөттүн иштеп жатканына 6 айдан ашты, ишкерликти колдоо боюнча көзгө көрүнөрлүк иши жок" дейт.
-
"Манас" аэропорту 9 айда 2 МИЛЛИОН 667 МИҢ 862 жүргүнчүнү тейлегени маалымдалды.
- Депутат ДАСТАН БЕКЕШЕВ "Кыргыз соттору чечкинсиз, анткени УКМК менен Башкы прокуратурадан коркушат" деген пикирин билдирди.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg