ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 22-ОКТЯБРДАН 28-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН

№833 19-25-октябрь, 2018-жыл


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Бул аптада жетекчилик же өкмөт адамдары тараптан колдоолор болот. Андыктан ойгонуңуз. «Алма быш, оозума түш» деген принциптен алыс болуңуз. Киреше да кирет. Жеке жашоого келсек, сунуштар түшөт же кумарлуу романтика күтөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Башка шаардык өнөктөштөр, көзөмөл органдары менен жакшы сүйлөшүүлөр жүрөт. Келечектүү долбоорлор талкууга алынат. Эски мамилелер жөнгө салынат. Алыскы сапар, кайын журтка байланыштуу маселелер ойдогудай чечилет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жумушуңузда жандануулар байкалат. Кесиптештердин сый-урматына ээ болуп жатканыңызды сезесиз. Айылдык болсоңуз корооңузда мал көбөйөт. Киреше кирет (акча түрүндө же буюм түрүндө).

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Эс алуу, бала-чака, сүйүү жааты сиз ойлогондой болот. Эски тааныштарга жолугасыз. Адамдардын урматтоосуна ээ болосуз. Балдарыңыздын ийгилиги кубантат. Жан шериктер ортосунда ысык сезимдер күчөйт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Үйүңүздө жагымдуу атмосфера өкүм сүрөт. Жакындарыңыздын маанайы көтөрүлүп, чарба иштери да жакшы бүтөт. Үйүңүзгө буюм, эмерек алышыңыз күтүлүүдө. Карыз же кайсы бир убадалар орундуу ишке ашат. Жоопкерчилигиңиз артат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Көңүл ачуулар болот, жеке жашоо, сүйүү жааты ойлонтот. Жакын курбу, бир туугандардын же балдардын сый-урматына ээ болосуз. Кошуналар менен алакалар жакшырат. Сапарга чыгуу күтүлүүдө. Сүйүүнүн башталып кетиши толук мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Айрым тоскоолдуктар болсо капаланбаңыз. Апта жалпысынан жаман эмес. Капчыгыңыздын кампайышы күтүлүүдө. Аракетти токтотпоңуз. Жакындарыңыз менен түшүнүүчүлүк орун алып, жеке иштериңиз ойдогудай чечилет. Алгалай бериңиз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул аптада өзгөчө шармга ээ болосуз. Венера планетасынын таасиринен сулуу болуп чыга келесиз. Сырткы келбетиңиз, кийген кийимиңизге жакшы көңүл буруңуз. Эл көңүл бурууга аргасыз болушат. Жол, унаа, бир туугандар жааты кубандырат. Жакшы кабар угасыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

«Багы барга дагы бар» деген сөздү аргасыздан эстейсиз. Сизге акча келет же киреше буюм түрүндөгү кирет . Менменсинүүнү азайтып, мүмкүн болгон булактарды бир ирет тизмектен өткөрүңүз. Өз алдынча аракеттерди көп жасаңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Ишиңиз илгерилей баштайт. Жумуштардын өз убактысында бүтүшүн кааласаңыз дос, өнөктөш же кичи ишканалардын кызматынан колдонсоңуз жыйынтыгы жаман болбойт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптада жетекчилик же өкмөт адамдары менен алака кыласыз. Колдоолор болот. Кайсы бир иштерди чогуу, жашыруун аткарууга туура келет. Капыстан сүйүү отунун тутанып кетишинен сак болуңуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Курбу, кесиптештер жана иштешкен мекемелер менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Башка шаардык өнөктөштөр же текшерүү органдары жактан да жакшы колдоолор болот. Кудаа-сөөк, дин өкүлдөрү менен мамилелер жакшырат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо