КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖЫЛДЫЗ БЕЛГИСИ - ТЕКЕЧЕР. 7 ОБЛУСТУН ЖЫЛДЫЗ БЕЛГИЛЕРИ ЖАНА АНЫН ЖАШООЧУЛАРЫНЫН МҮНӨЗҮ КАНДАЙ?

№834 26-октябарь - 1-ноябрь, 2018-жыл

Бүгүн биз бир адамдын эмес, жалпы Кыргызстандын жана андагы 7 облустун жылдыз белгилерине токтолууну чечтик. «Ар бир өлкө жана анда жайгашкан аймактар кайсы бир планетанын таасири астында болот. Ал таасир жашоочулардын мүнөзүндө да роль ойнойт» деген астролог Жанар Кадыралиев Кыргызстан жана анын 7 облусун жылдыз белгилерге бөлүп берди.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДЫН ЖЫЛДЫЗ БЕЛГИЛЕРИ ОКШОШ

Кыргызстандын жылдыз белгиси – текечер. Сатурн планетасы башкарат. Стихиясы – жер. Бул жылдыз белгинин алдындагылар эң башкысы туруктуулукту жактырышат. Алдыга максат коё билишет, бирок эксперименттерден айланып өтүп, эски, көнүмүш адатка айланган эреже менен иштөөнү каалашат. Бир нерсени кабыл алууга жана ага көнүүгө убакыт талап кылынат. Башка мамлекеттерден элинин жоош кулк-мүнөзү менен айырмаланат. Элинин кулк-мүнөзүнө тоолуу өрөөндө жайгашканы да таасир этип, өздөрүн сырткы факторлордон корголгондой беймарал сезишет. Алтын, сурьма, нефть жана башка кен байлыктарды өндүрүүнү колго алса ийгиликтүү болот. Кыргызстан менен Өзбекстандын жылдыз белгилери окшош. Экөөнү тең Сатурн башкарат, экөөнүн тең жылдыз белгиси – текечер. Планеталардын жайгашуусуна жараша бир мамлекетте чыңалуу же туруктуулук болсо, экинчисинде да ошондой абал күтүлөт. Тажикстан жаачы жылдызынын астында болсо, Казакстан менен Орусиянын жылдыз белгилери – суу куяр.

ЧҮЙ ОБЛУСУ – КОЙ

Башкаруучу планетасы Марс, ал эми жылдыз белгиси кой болгон Чүй облусунун тургундарын кечиримдүү, ак көңүл, эмгекчил, эксперименттерден коркпогон, ошол эле учурда ачуусу чукул, кошоматчылыкты жактырбаган, көп нерсеге кайдыгер караган адамдар деп мүнөздөсө болот. Марс кызуу кандуу жоокерлердин планетасы деп мүнөздөлөт, ал кой жылдызына колдоо көрсөткөн учурда оор-жеңилине карабай максатка жетүү гана керектелет. Негизи эле кой жылдызындагылар жумушту оор же жеңил деп бөлбөйт, аны ишке ашырууда оңой жолун да издеп отурбайт. Илим-билимге жакын келишет. Чүйлүктөр техника, өндүрүш жана айыл чарба товарлары менен байланышкан иш баштаса, эмгегинен баар таба алышат.

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ – БУКАЧАР

Жалал-Абаддыктардын жылдыз белгиси – букачар, ал эми башкаруучу планетасы Венера. Жоош, бирөөгө оңою менен катылбаган, катылгандын катыгын берген адамдар. «Бийиктикке жетүү оңой, анда кармалып туруу кыйын» деген сөз бар эмеспи. Эгер булар ийгиликке жетсе, анда көпкө кармалып калууга кудурети жетет. Көк, кежирлик дагы жайы бар. Андыктан меники туура деп кежирленип жатып көп ката кетиришет. Планетанын башкаруусуна ылайык, бул облустун тургундары келбеттүү, сулуу келишет жана бул аймактан көп таланттар чыгат. Жалал-Абад облусунун эли эмне менен алектениши керек: дыйканчылык, жеңил өнөр жайы (кийим-кече тигүү), кондитердик азыктарды өндүрүү менен.

ТАЛАС ОБЛУСУ – АРСТАН

Талас облусунун тургундары арстан жылдыз белгисинин алдында турушат жана аларды Күн башкарат. Байыртадан күнгө бардыгы сыйынып, анын жылуулугуна зар болуп келишкен. Бул жылдыздын астында турган арстандар да дайыма өзүнө көңүл бурууну, лидерликти талап кылышат. Ага канчалык маани берип, көңүл бурсаң, алар ошончолук башкаруу тизгинин колго алып, айланасындагыларын камкордукка алууга өтүшөт. Бир жерде көпкө тура албаган, шашма, мактанчаак, көк, сынды көтөрө албаган мүнөзгө да ээ. Ошол эле учурда колу ачык, эбин таба билген адамга берерге ашын таппай калган марттыгы да бар. Бул облустун эли саясат тармагында, кен байлык өндүрүү, дыйканчылык менен алектенишсе эмгегинин үзүрүн көрө алышат.

БАТКЕН ОБЛУСУ – ЖААЧЫ

Жаачы жылдызынын алдында турган Баткен облусунун тургандарынын башкаруучу планетасы Юпитер. Башкарган планетасы да, жылдыз белгиси да күчтүү, андыктан башкаруучу, уюштуруучу, лидер адамдар көп чыгат. Бул облустун тургундарынын өзгөчөлүгү: меймандос, шаан-шөкөттү, оптимизмди жактырган калк. Биримдикти, ынтымакты баалашат. Кандай иш болбосун «көп түкүрсө көл болот» деген принципти карманышат. Башкага канча берсе, андан кайра ошончолук талап кылат. Кызуу кандуу, бир заматта чарт-чурт болуп кетчү мүнөзгө да ээ. Сүйлөсө тилинен чаң чыккан чечендик жайлары бар, андыктан мындай адамдар соода жаатында бат ийгиликке жетиши мүмкүн.

НАРЫН ОБЛУСУ – ТЕКЕЧЕР

Чыныгы кыргызстандыктардын кулк-мүнөзүн Нарын облусунун жашоочулары алып жүрөт десек жаңылышпайбыз. Анткени бул облустун эли да Сатурн планетасы жана текечер жылдызынын алдында турушат. Жоош, ак көңүл, куулук-шумдугу жок эл. Амбициясы күчтүү, тартипти баалашат, баштаган ишин орто жолдо калтырганды жактырышпайт. Өзгөрүүлөрдү жактырбаган, пессимист, таарынчаак мүнөздөн да куру эмес. Чоочун адамдарды кабыл алуу, көнүү процесси көпкө созулат. Эгер ишенимге кире алсаңыз, бардык иште мыкты өнөктөш болуп беришет. Нарын облусунун эли кен байлыктар, мал чарбачылыгы, курулуш иштери менен алектенсе ийгиликке жетишет.

ОШ ОБЛУСУ – СУУ КУЯР

Ош облусу Уран планетасы башкарган суу куяр жылдызынын алдында турат. Облустун тургундарынын жалпы мүнөзүнө токтолсок, бардыгын жеңил кабыл алып, маселелерди жүрөгүнө жакын кабыл алышпайт (сарсанаа болушпайт). Стихиясы аба болгондуктан алар бир орунда турганды эмес, саякаттаганды жактырышат. Эркиндикти баалашат, фантазиясы күч болот, орунсуз тамашаны көтөрө бербейт, жакын адамдарынан жардамын аябаган жагы да бар. Уран планетасы энергиянын булагы болуп эсептелет, андыктан бул планетанын колдоосундагылар эмгекчилдиги менен да айырмалана алышат.

Кайсы тармак менен алектенсе киреше табышат: соода-сатык, дыйканчылык, энергетика. Ошондой эле авиация (учкуч, авиаинженер), астрономия жааты да ийгилик тартуулайт.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ – БАЛЫК

Балык жылдызынын алдында күн кечирген ысык-көлдүктөрдү Нептун планетасы башкарат. Булардын мүнөзүндөгү баса белгилечү жагы: кыялкеч, ишенчээк жана оюндагысын бетке айткан ачык-айрым келишет. Адамдар менен бат тил табышат, айланасында дайыма топураган жоро-жолдош жүрөт. Коомдо болуп жаткан маселелерди жан дүйнөсүнө жакын кабыл алышат. Карьеранын артынан түшчү адамдар эмес, алар үчүн негизгиси жан дүйнөнүн тынчтыгы болсо жетиштүү. Көлдүктөр фантастика жанрындагы чыгармаларды жазса, кинолорду тартса элге өтүмдүү болот. Азык-түлүк жана дары-дармек чыгаруу жаатында эмгектенишсе, ийгилик жарата алышат.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
30.10.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окшоштуруп эле урдура бересинби байболгур.фантазиян укмушко Жанарчик
30.10.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен такыр ишенген жокмун менимче автор кыялданып отуруп ошол кыялын фантазиялап жазып койгон го
30.10.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элге, элдин жашоосуна карап эле айтып коюптур го
04.11.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коптон бери катыра куло элек элем))
05.11.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче туура эле,жалпылап айтканда ошондой эле болуп турат. Астролог жоон эле отуруп алып зериккенден жазган жок да. Астрологияны казып окусанар укмуш кызык. Натальная карта деген болот, ошол аркылуу коп нерсени алдын ала билууго болот. Бирок ал картаны билими жок адам тушуно бербейт. Менин билишимче, бул Ж.Кадралиев деген астролог коптогон атка минерлердин тагдырын айтып берген кучтуу астролог деп уккан жайым бар.
25.02.2023. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ысык Көлгө балык жылдызы жарашып эле жатып калыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо