№834 26-октябарь - 1-ноябрь, 2018-жыл

БЫЙЫЛ КЫШТА КАНДАЙ КИЙИНСЕҢИЗ САРКЕЧ БОЛО АЛАСЫЗ?

Кыш – 2018-2019. Бул кышта 1980-жылдардагы моданын кайталана турганын дүйнөлүк мода жаратуучулар белгилешет. Ал жылдардан бизге булгаары юбка, чакмак сүрөттүү көйнөктөр, көрүнүшү леопарддын терисин элестеткен кийимдер келди. Мындай кийимдер мода сүйүүчүлөрүнө жагып эле тим болбостон, улуу муундарды ностальгияга жетелээри талашсыз.


Бул жылы күрөң (ачык жана кочкул түрлөрү) өңгө жана көгүш боз, ачык боз түстөргө басым жасалат. Сырт кийимдерден кэжуал стилиндеги оверсайз күрмөлөр, паркалар, чакмак пальтолор, дублёнкалар популярдуу. Аларды каалоого жараша жынсы шым же булгаары леггинсылар менен жараштырып кийсе болот.


Твид кездемеден тигилген кийимдер да бул кышта актуалдуу. Аны дүкөндөрдөн же базарлардан болобу, дээрлик эки кадам баскан сайын кездештирүүгө болот. Твидден тигилген пиджак жана юбкадан турган топтомдор, кыска же орто узундуктагы түз көйнөктөр, чолок шымдар, алтургай моюн орогучтар модада. Твиддин кандай түстө экени маанилүү эмес, эң негизгиси өзүн толуктай турган кийимге айкалышса болду. Мисалы, твид кездемеден тигилген сарафанды “Виктория” стилиндеги блузка (көбүнчө жакасы туюк, жеңи манжет, тор саймалуу) менен айкалыштырса жакшы отурат.


Леопард, жолборс, зебра өңдүү жаныбарлардын терисин элестеткен кийимдер бул кыштын дагы бир тренддеринин бири. Мындай кийимден бир лукка бирди гана кошконуңуз оң. Мисалы, былтыр кышында кийген кийимдериңизге эле леопарддын терисин элестеткен палантин же юбка кошуп алсаңыз, кызыктуу образ пайда болот.


Чакмактуу кийимдин актуалдуулугу быйыл да жогору. Пальто болобу, көйнөкпү, шымбы, айтор, кийим тандоодо майда же чоң чакмактуу кийим алсаңыз жаңылбайсыз. Болбосо чакмак моюн орогуч деле саркеч көрсөтө алат. Мында боз жана ак түс менен чектелип калуу шарт эмес. Чакмактуу болсо болду. Мындай кийимди кечелерде да, кеңседе да, көчөдө да кие берсе болот.


Быйыл кыш эле эмес, жаздан бери эле плиссировка (майда бүктөлгөн) юбка-көйнөктөргө суроо-талап көп. Баркыт, шайы, жибек, гүлдүү же бир өңчөй түстөгү тизеден ылдый узундуктагы (француз узундугу) этеги плиссировка көйнөктөр жана юбкаларды көздү жумуп ала бериңиз.


Жогоруда белгилегендей, бул жылы булгаарыдан тигилген шымдар эле эмес, көйнөк, юбкалар да популярдуу. Булгаары леггинсылар калың эмес туника, юбка, жука токулма водолазкалар менен жакшы жарашат. Мындай кийим менен кечелерге да бара берсе болот.


Бут кийим: Кончу узун да, кыска да эмес, ичи жылууланган, такасы жапыз, боосу бар ботинкалар, ошондой эле сыдырмасы жок багалеги резина өтүктөр быйыл модада. Мындай бут кийимдерди фантазияңызга жараша каалагандай кийим менен кийип, сулуулук менен жылуулукту айкалыштырган саркеч айымдардын катарын толуктаңыз.

Ал эми классикалык стилдин сүйүүчүлөрү ботильон же ботфорддорду тандаганда чакмак же твид менен кооздолгон бут кийимге көңүл бурушканы жакшы. Бул көбүнчө кеңсе кызматкерлерине ылайык.

Алтынай Тынышова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
30.10.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Элестеткиле... мен кызыл плиссировка юбка менен жакасы жалжайган куртканы мода деп кийип жургонумду. Тонуп олом го.
31.10.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Snejana, Биз байкуш эркектер баягы эски курмо менен эле кыштан чыгып кетебиз;)
30.10.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мындай кийим менен Нарындын суугунда тоңуп тороюп калам го
30.10.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Jazdyn_tany,а сен леопардовый лыжага кийген комбинезон кийип ал да, ким кой деватат?
30.10.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кийимин озуно жарашла ошол мода
30.10.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Суукта моодага балее барвы
30.10.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сулуулуктан жылуулук.Кийин картайганда ооруп калсам,чакмак отук жардамга келбейт.
30.10.2018. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мостун устундогу астындагы кыздар кийет кыштын суугуна карабай ...
31.10.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мындан кийимдерди уйдон чыгып машинага,машинадан тушуп офиске кирип кете тургандар эле кийбесе,Бизге окшоп салпактап жоо жургондорго удобный,жылуусу керек кийимдин.капрон калготки менен суукта ырсайып калат го.
31.10.2018. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
урдум ушундай моданы. Эки кабат гамаж кийип сыртынан шым кийип чыкканым жакшы кыштан.
31.10.2018. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Менин курткам модакен йееессс мен модница)))
01.11.2018. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мен оо неме комбинезон алайын деп жатса,булар кантет?
04.11.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жарашыктуу алып эле тыкан кийинсек болду. Кантип эле ушулардай болуп калалы. Анан чакмак дейби ал эмне ошону тушунбодум ким билет?
05.11.2018. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Benazir08, чакмак деген клетчатый.
04.11.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кийимди кийген кыздар тонуп жолдо эстеликке окшоп катып туруп калсада сулуу корунот экен кыш-суукта:)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо