ИСА ӨМҮРКУЛОВ “КСДП АТАМБАЕВСИЗ” УРААНЫН КОЛДОДУБУ?

№834 26-октябарь - 1-ноябрь, 2018-жыл

Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “КСДП Атамбаевсиз” ураанын көтөрүп чыккан активисттер менен жолугушту. КСДПнын эски мүчөсү Сагынбек Абдрахмановдун айтымында, жолугушууда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадр саясатындагы кемчиликтери талкууланып, ачуу сөздөр айтылды.Иса Өмүркулов “КСДП Атамбаевсиз” ураанын колдоду”,- дейт Абдрахманов.

Ал эми Өмүркулов бул жолугушуу тууралуу комментарий бербей, мындай жымжырттыгы менен талкууларды күчөтүүдө. Бирок анын Атамбаевди КСДПдан көргүсү келбеген адамдарды өз кабинетинде кабыл алып, сүйлөшүү жүргүзүүсү эле жыйынтык чыгарууга жетиштүү ойлорду жарата алды. Иса Өмүркулов КСДПга көп жылдан бери мүчө, чейрек кылымдан бери Атамбаевдин жанында жүрүп, ал бийликке келгенден тартып Бишкек шаарынын мэри, парламентте фракция лидери, башкаруучу коалициянын лидери өңдүү кызматтарда иштеп келе жатат. Соңку 7 жылда Атамбаевдин саясатын колдоп, бийлигинин бекемделишине көмөк берип келгендердин бири. Алдыда парламенттик шайлоо. Азыркы бийлик шайлоого кайсы партияны алып чыгары кызыгуу жаратып турган учур. Жакында депутат Ирина Карамушкина КСДПны тартып алуу аракети башталганын айтып чыккан эле. Ушундай шартта Өмүркулов “КСДП Атамбаевсиз” ураанын колдоого алды” деген маалыматтын чыгышы Карамушкинанын сөзүндө чындык бар деген ойлорду жаратат.

Афтандил Добулбеков

politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо