АР БИР ТЕЛЕФОНГО 100 СОМДОН “САЛЫК”. ДОКУМЕНТ ӨКМӨТТӨ ДАЯРДАЛУУДА

№834 26-октябарь - 1-ноябрь, 2018-жыл

Өкмөттүн ар бир телефонду каттоодон өткөрүү, ал үчүн 100 сомдон төлөм алуу аракети буга чейин кескин сындарды жараткан. Тийиштүү токтом долбоору бир ай коомдук талкууда турду. Демилгеси сынга кабылганда өкмөт “100 сомдук төлөмдү жаран эмес, өлкөгө телефон алып кирген ишкерлер төлөйт” деп билдирип чыккан. Бирок ишкер өкмөткө төлөгөн акчасын кайра кардарлардан, башкача айтканда, элден чыгарып аларын айткандарга көңүл бурулбай кала берген.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети учурда аталган документтин үстүнөн жумушчу топ иштеп жатканын, даярдалып бүтсө тийиштүү министрликтерге макулдашууга жөнөтүлөрүн билдирди. Комитет 100 сомдук төлөм киргизүү менен өлкөгө аткезчилик жол аркылуу уюлдук телефон алып кирүү токтойт деп ишендирүүдө. “Эгер жарандар чет жерден телефон алып келсе, 1 айдын ичинде каттоодон өткөрүшү шарт. Каттоодон өтпөгөн телефон иштебейт. 100 сомдук төлөмдү сырттан телефон алып кирген компаниялар жана жеке жактар төлөйт. Эгерде жарандар кааласа SIM-картаны уюлдук телефонуна бекер байлай алышат”,- деп айтылат маалыматта.

Өлкөдө аткезчиликке каршы иштеши керек болгон Бажы кызматы, УКМК өңдүү кызматтар бар. Алар салык төлөөчүлөрдүн эсебинен миллиондоп айлык алышат. Эмне үчүн алар түздөн-түз аткарышы керек болгон милдети үчүн элден 100 сомдон чогултушу керек? Өкмөттүн бул демилгесине карата мына ушундай суроо коюлууда. Буга чейин Бишкектин жашоочулары үчүн таза суунун тарифин көтөрүү керектигин, салыкты өстүрүүнү айтып чыккан Абылгазиевдин өкмөтү азырынча экономиканы коррупцияны, аткезчиликти жоюу менен көтөрүү жолун таппай, элдин чөнтөгүнө кол салуу аракети менен талкууга түшүүдө.

Афтандил Добулбеков

politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо