ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 29-ОКТЯБРДАН 4-НОЯБРГА ЧЕЙИН

№834 26-октябарь - 1-ноябрь, 2018-жыл


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Жакын санаалаш, өнөктөш, жубайыңыз менен алака кылууда абайлаңыз, таарынычтар болот. Акча көйгөйү жаралат. Жеке иштерди бүткөрүүдө каршылыктарга учурайсыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Айрым мамилелер күтүүсүздөн бузулат. Тоскоолдуктар чыгат. Үйдө да, жумушта да кыжыр кайнаткан учурлар кездешет. Токтоо болуңуз. Аз суммадагы акча алууңуз мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эс алууга, балдарга байланыштуу маселелер козголот. Жумушта текшерүү жүрөт же көп иштөөгө аргасыз болосуз. Ден соолукка көңүл буруңуз. Унаа башкарууда, жолдо жүрүүдө абайлаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Үйгө буюм алууда, балдарга керектүү нерселерди алып берүүдө жети өлчөп, бир кесиңиз. Ашыкча же керексиздерди алып алуу ыктымалдуулугу бар. Чыгым тартасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Үй чарба жана жеке иштерди бүтүрүүдө чыгаша тартасыз. Жакындарыңызга ачууланбаңыз. Кызматта иштеген адамдар менен алака кылууда абайлаңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Чоң суммадагы акча алуудан же берүүдөн алыс болуңуз. Чыгым чыгышы мүмкүн. Унаа алууну токтотуп туруңуз. Жолго чыксаңыз же унаа башкарсаңыз абайлаңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Айрым тоскоолдуктарга кабыласыз. Эс алууга, балдарга, чыгармачылык жаатына каражат сарптайсыз. Бир туугандар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Сапарга чыгасыз же жакшы кабар угасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Күтүүсүз каршылыктарга дуушар болосуз. Жашыруун нерселер айкындалат. Душмандардын тузагына илинүүдөн сак болуңуз. Жеке жумуштарды бүткөрүүдө кылдаттык керек.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Дос, өнөктөштөр менен чогуу иш алып барууда кандайдыр бир жашыруун иш-аракеттер байкалат. Негизги иштериңизди шаршемби, бейшемби күнгө пландасаңыз жыйынтыгы жаман болбойт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кызматтагы адамдарга, досторго, кесиптештерге аяр мамиле жасаңыз. Пикир келишпестиктер жаралышы ыктымал. Каржы жаатында маселе жаралат. Сарамжалдуу болуңуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жетекчилик, өкмөт өкүлдөрү менен чогуу иш алып барууга туура келет. Жумуштун көбүн сизге жүктөшөт же тоскоолдуктарды жаратышат. Жардамды достордон издеңиз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Документтерге так болуу керек. Текшерүүлөр жүрөт. Көзөмөл органдарынын максаты – кирешеңизди эсептеп, ага көз артуу. Жардамга муктаж болсоңуз, өкмөт адамдарына кайрылыңыз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо