-

9 айда миграциялык мыйзамды бузган 4 миңдей чет өлкөлүк жаранга
35 МИЛЛИОН СОМ айып салынганын ИИМ билдирди.
-
Кыргыз-Казак чек арасынан "Кызыл китепке" кирген ЫЛААЧЫНДЫ МЫЙЗАМСЫЗ алып өтүп бара жаткан казак жараны кармалды.
-
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги: "МӨҢГҮЛӨРДҮН КӨЛӨМҮ азаюуда, бирок канча пайызга азайганы белгисиз".
-
Биринчи Май райондук соту экс-мэр АЛБЕК ИБРАИМОВду 28-декабрга чейин камакта калтырды.
-
9 айда өлкөдө 23 МИҢГЕ ЖАКЫН кылмыш иши катталып, 15 миңден ашык кылмыштын бети ачылган.
-
Биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун айтымында, кышка карата ооруканалар менен мектептердин 20-30 ПАЙЫЗЫНА көмүр жеткириле элек.
-
Кыргыз-Өзбек ЧЕК АРАСЫН ТАКТОО боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны ноябрь айында Кыргыз өлкөсүндө өтөт.
-
“2016-2017-жылдары президент АКЫЙКАТЧЫНЫ БИР ДА ЖОЛУ кабыл алган эмес” дейт акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева.
-
Жыл башынан бери Кыргыз өлкөсү Өзбекстанга 399 МИЛЛИОН КИЛОВАТТ электр энергиясын экспорттоп, 16,5 миллион доллар киреше түшкөнү маалымдалды.
-
ИИМ: "9 айда өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун 181 МҮЧӨСҮ кармалды".
-
Жыл башынан бери өлкөдө 75 МИҢ АДАМ сүйүнчү пул алганы расмий маалымдалды.
-
Бишкекте жүргүнчү ташыган автобустарга ВИДЕОКӨЗӨМӨЛ ОРНОТУЛУУДА. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
-
"Өлкөдөгү эгин талааларын зыянкеч курт-кумурскалардан арылтууга 10 ТРАКТОР ЖАНА 15 УНАА жетишип жатат",- дейт айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев.
-
Бишкек жылуулук ЭЛЕКТР БОРБОРУ 60 пайыз жергиликтүү көмүрдү, 40 пайыз Казакстандын көмүрүн пайдаланууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.
- Өкмөт быйыл ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН БААСЫ көтөрүлбөй турганын билдирди.