КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ БИЗНЕС ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ЫҢГАЙЛУУЛУК БОЮНЧА 70-ОРУНГА ЖАЙГАШТЫ

№835 2-8-ноябрь, 2018-жыл

Бизнес жүргүзүүгө түзүлгөн шарттар боюнча рейтингде Кыргыз өлкөсү 70-орунда жайгашты. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын отчётунда айтылат.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсү 62,33 упай менен 190 өлкөнүн ичинен 70-орунда жайгашкан. Рейтингди түзүүдө өлкөлөрдөгү бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттар, ишке ашырылган реформалар эске алынган. Кыргыз мамлекети өткөн жылдарга салыштырмалуу бизнес жүргүзүү шарттарын жакшырткан Түркия, Кытай, Азербайжан, Индия сыяктуу мамлекеттердин катарына кирген.

Рейтингде алдыңкы бештикке Жаңы Зеландия, Сингапур, Дания, Гонконг, Түштүк Корея өлкөлөрү кирген. Коңшу мамлекет Казакстан 28-орунда жайгашса, Орусия 31-орунду ээлеген. Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнөн 6 баскычка төмөн жайгашып, 76-орунду алса, КМШ мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү көрсөткүчтү 126-орунга ээ болгон Тажикстан көрсөткөн. Рейтингдин эң төмөнкү орундарын Венесуэла, Эритрея, Сомали мамлекеттери толуктайт.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо