ПАРЛАМЕНТ ӨКМӨТКӨ, ӨКМӨТ БАШЧЫ КОМАНДАСЫНА НААРАЗЫ

№835 2-8-ноябрь, 2018-жыл

Парламентте өкмөт өкүлдөрүнө сын күчөдү. Жакында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев “ишиндеги кемчиликтери үчүн” деп каржы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш жарыялаган. Ушул аптада депутаттар “экономикада жылыш жок” деп экономика министри Олег Панкратовду кызматтан алуу тууралуу өкмөткө сунуш айтышты. Жогорку Кеңеште айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин ишине нааразылар да көбөйдү. Расмий маалыматка ылайык, акыркы 8 айда экспортко караганда импорт өсүп, ички дүң продукциянын көлөмү 0,3 пайызга азайган.

Жакында президент Сооронбай Жээнбеков министр Мурашевди кабыл алып, картошканын баасынын түшүп кетишин талкуулады. Коомчулукта "картошканын баасы президент талкуулай турган маселе эмес, аны өкмөт башчы эле чече турган иш" деген сөздөр айтылды. Мурашевди өкмөт жыйынында премьер Абылгазиев да күнөөлөдү. “Биз өзүбүздүн ички рыноктун керектөөсүн толук камсыздай албай жатабыз, чет өлкөгө продукция экспорттоону айтпай эле коёлу”,- деди өкмөт башчы. Ошентип, парламент өзү шайлаган өкмөттү, Абылгазиев өзү сунуштаган команданы эффективдүү иштете албай жатат.

 

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо