-

Расмий маалыматка таянсак, учурда Кытайда
17 КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ абакта отурат.
-
1-ноябрдан тарта Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛЕ БАШТАДЫ.
-
Жогорку Сот экс-мэр КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВду 24-ноябрга чейин камакта кармоо боюнча мурунку сот чечимдерин күчүндө калтырды.
-
Камбар-Ата-2 ГЭСинин иштөөсү УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ. “Электр станциялары” ишканасы муну “гидроагрегат баткакка толуп калды, ал ноябрь ичи тазаланат” деп түшүндүрдү.
-
Чүй облусунда рейд жүргүзүлүп, бир аптада мас болуп унаа айдаган 38 АЙДООЧУ жоопко тартылганы маалымдалды.
-
Кетирген кемчиликтери үчүн каржы министри Адылбек Касымалиевге СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАНДЫ.
-
МИРА КАРЫБАЕВА Президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.
-
КСДПнын КЕЗЕКТЕГИ КУРУЛТАЙЫ 2019-жылдын 6-апрелине белгиленгенин партиянын катчылыгы маалымдады.
-
Өлкөдө 9 айда жол кырсыгынан 458 АДАМ КАЗА БОЛУП, 6299 адам жаракат алганын Башкы прокуратуранын өкүлү билдирди.
-
Социалдык фонд: Өлкөдө пенсиянын эң төмөнкү СУММАСЫ 1000 СОМ, эң жогорку суммасы 100 миң сом.
-
Депутат Кенжебек Бокоев Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтуна ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВдун ЫСЫМЫН берүүнү сунуштады.
-
Парламент депутаттары ички каттамдар үчүн авиабилеттин баасы 4 МИҢ СОМДОН АШКАНЫН айтып Жарандык авиация агенттигин сындашты.
-
Расмий маалыматка таянсак, учурда өлкөдө 1390 БАЛА БАКЧА бар. Анын 248и гана мамлекеттик, калганы менчик.
-
1-ноябрда өлкөдө Кыргыз милициясынын 94 ЖЫЛДЫГЫ белгиленди.
- Акылбек Жамангуловдун ордуна НУРБЕК ТОТОНОВ "Республика-Ата Журт" фракциясынан парламент депутаты болуп бекитилди. Жамангулов өткөн аптада “Мегаком” компаниясынын директору болуп дайындалган.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg