ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 5-НОЯБРДАН 11-НОЯБРГА ЧЕЙИН

№835 2-8-ноябрь, 2018-жыл


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Адамдар менен алака жакшырат. Өнөктөш, жакын санаалаштардын сый-урматына ээ болосуз. Көзөмөл органдары, башка шаардык өнөктөштөр менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Кээ бирлер башка жакка көчүшү мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жумушта бир аз активдүүлүк көрсөтүңүз. Куру убаракерчилик тартуу артта калып, акча табуунун туура жолун табасыз. Акчалай киреше кирет. Каалаган буюмдуу да болосуз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада эс алуу, романтика жааты ойдогудай болот. Балдарыңыздын ийгилиги кубантат. Узак мөөнөттүү долбоорлор башталат. Өнөктөштөр пайда болуп, алар тараптан сунуштар түшөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Үйүңүздө жагымдуу атмосфера өкүм сүрөт. Чарба иштери сиз ойлогондой орундалат. Ден соолук да, жумуш да жакшы болот. Жумушсуздар жумушка орношот. Кесиптештердин урматына татыйсыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жакындарыңыз менен тууганча сүйлөшөсүз. Жакшы кабар угасыз. Сапарга чыгуу маселеси ойлонтот. Балдардын ийгилиги кубантат. Лотерея билетинен байге утуп алууңуз мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Колуңузга акча тиет. Колдоолор болот. Кыймылсыз мүлк, жер тилкеси, чарба, үйдү оңдоп-түзөө иштери жакшы чечилет. Эмерек аласыз. Керектүү суммадагы акча жетиштүү болсо, үй аласыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Адамдар тарабынан бааланасыз. Максаттарыңыз орундалат. Унаа алууга, маанилүү долбоорду бүтүрүүгө киришиңиз. Кошуналар, бир туугандар сиздин максаттын ишке ашышына колдоо көрсөтүшөт. Кыска сапарлар ийгиликтүү болот.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сырдуу, купуя аракеттер ийгилик алып келет. Жеке жана үй чарба иштери ойдогудай ишке ашат. Акча, киреше табуу жагынан кам санабаңыз. Болгону физикалык активдүүлүк керек.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Дос, өнөктөш, бир туугандар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Лидерликти көрсөтчү мезгил келип жетти. Ал үчүн жалкоолукту таштап, оптимисттик аракеттер керек.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жетекчилик, кызматтагы адамдар менен алака кыласыз. Сүйлөшүүлөр жаман болбойт. Аскер жана жаза өтөө бөлүктөрү, ветеринардык мекемелер менен байланышта болосуз. Иште активдүүлүк керек.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Башка жактык өнөктөштөр, кызматтагы адамдар, дин өкүлдөрү менен жакшы сүйлөшүүлөр жүрөт. Максаттардын ишке ашуусу үчүн дос, өнөктөштөр менен тыгыз иш алып барасыз. Натыйжасы жакшы болот.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада купуя аракеттер көп болот. Анын аркасында колуңузга акча тийиши мүмкүн. Таасирдүү адамдардын колдоосуна ээ болосуз. Максаттарыңыз орундалат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо