ЧАЧ ЭМНЕГЕ МАЙЛАНЫШАТ?

№836 9-15-ноябрь, 2018-жыл

Чачты кол менен кармалоо, стресс, алтургай суунун курамындагы хлор да чачтын майлануусуна алып келет. Кененирээк врач-дерматолог Мырзагүл Ашырбаева айтып берет.

 

 

Баш териде, чачтардын түбүндө (тамырында) май бездери жайгашкан. Алар майды бөлүп чыгарып турат. Май чачты жана баштын терисин тышкы терс факторлордон коргоп (ысык, суук, шамал), кургап, сынма болуп жана ичкерип кетүүсүнүн алдын алып, майлап турат. Зыяндуу бактериялардын тери аркылуу организмге кирүүсүнө жол бербейт.

Илимий түрдө айтсак, баштагы суутек көрсөткүчү (pH) бузулса май бездери көп иштелип чыгат да, чач ашыкча майланышат. Майланышуунун себептери төмөндө.

СЕБЕПТЕРИ

Гормондор. Гормондор чачтын майлуулугунда роль ойногон биринчи себеп. Адамдын организминде 15-16 жаштан 20-22 жашка чейин гормондордун калыбына келүү процесси жүрөт. Ошол убакта жана пролактин же тестостерон гормону нормадан көбөйүп же азайып кеткенде баштын терисинде май адаттагыдан ашыкча пайда болот. Айрыкча өспүрүм кезде тестостерон гормону көп иштелип чыккандыктан чач түбүндөгү май бездери сезимтал келип, май көп бөлүнүп чыгат.

Туура эмес кам көрүү. Башты ысык суу менен жуу, мурда колдонуп көрбөгөн шампундарды колдонуу, башты көпкө чейин жуубай жүрүү, баштын тердөөсү чачтын майланышуусуна алып келет.

Хлор кошулган суу. Кран аркылуу келген суудагы хлор терини дүүлүктүрөт. Ушундан улам териде агрессиядан коргонуу реакциясы жүрүп, май ашыкча бөлүнүп чыга баштайт. Ошондуктан андай сууну бир кайнатып алып, хлору кеткен соң жуунган оң. Жакшысы, жер алдынан чыккан таза суу, булак суусу менен жуунуу туура. Суу канчалык таза болсо, чачка ошончо жакшы.

Туура эмес тамактануу. Денедеги майдын бөлүнүп чыгуусу түздөн-түз ашказандан көз каранды. Эгерде зыяндуу тамак-аш ашказанга сиңбесе, керектүү витаминдер чачка жетпей калат да, майланышуу көбөйөт. Ошондуктан майлуу, таттуу, ачуу, куурулган тамактар, фастфуд, жаңгак, семичке, газдалган суу, алкоголдук ичимдиктерден жана тамекиден оолак болуңуз.

Стресс. Бардык тери оорулары көп кыжырданган, ачууга бат алдырма адамдарды жакшы көрөт. Ошондуктан адам депрессияга кабылганда организм сырткы негативдүү факторлордон өзүн коргоо үчүн май бездерин активдүү иштеп чыгара баштайт.

Тукум куучулук. Эгерде адамдын ата-энесинин биринин чачы бат майланышууга жөндөмдүү болсо, ал баласына да өтөт.

Гинекологиялык оорулар. Жатындын миомасы, климакс, жатындан тышкары бойго бүтүү сыяктуу оорулар да чачтын майлануусуна таасир берет.

КАМ КӨРҮҮ

Кандай каражаттарды колдонуу керек?

  • Чачты дүкөндөрдөн сатып алынган эмес, дерматологдор жазып берген шампунь, бальзамдар менен жууңуз. Курамы ар кандай чөптөрдөн турган каражаттар чачка зыян келтирбейт.
  • Атайын майлуу чачтарга арналган лосьон, тониктерди пайдаланыңыз. Алар чач кургак кезинде колдонулгандыктан, курамындагы пайдалуу заттар башта кала берет, зыянсыз. Буларды дайыма колдоно берсе болот.

Канча убакта бир жууш керек?

Башты күн сайын шампунь же самын менен жууганга болбойт. Химикаттар баштын терисине жакпагандыктан, ал канчалык көп болсо, ошончо дүүлүгүп, көп май чыгара баштайт. Ошондуктан жумасына 2 (өтө зарыл болсо 3) жолу жылуу суу менен жууган туура.

Үй шартында жасалган маскалардын жардамы барбы?

Үй шартында коюлган маскалардын чачтын майлуулугуна пайдасы да, зыяны да жок. Маска койгонуңуз менен, андагы сиз керектүү деген азыктар чачтын тамырларына (фолликула) жетпейт.

Эмне кылуу керек?

Адистерге кайрылып, чачтын тамырына тиешелүү азыктарды берүү ишин аткарган ботокс, мезотерапия, криотерапия деген процедураларды жасатып, атайын дары-дармектерди ичип майлуу чачтан арылса болот.

АЛДЫН АЛУУ

  • Гормондорго бир же жарым жылда бир жолу анализ тапшырып туруу керек.
  • Өздүк гигиенаны сактоо зарыл. Башкалардын буюмдарын колдонбой, өз убагында жуунуп, кол менен кармалабаш керек. Мисалы, жуулбаган кол баштын терисине тийгенде ага инфекция кирет да, майланышууга түртөт.
  • Баш кийим пахтадан болгону жакшы. Синтетика кездемеден тигилген баш кийимдер териге зыян. Жылуу мезгилдерде өтө калың баш кийим кийүү да болбойт. Баш ысып, тердегенде теридеги май бездери коргонуу реакциясын кыла баштайт да, майды ашыкча өлчөмдө бөлүп чыгарууга өтөт.
  • Фен, чач үтүк сыяктуу буюмдарды муктаждык болбосо пайдаланбай эле койгон оң.
  • Чачка себилүүчү лак, сүйкөлүүчү гель, чач боёкторду азыраак колдонуу керек. Булар чачтагы суутек көрсөткүчүн бузат.

Алтынай Тынышова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(10)
13.11.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чачтын тушусу эмне себептен?
14.11.2018. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurda00, менин да чачым коп тушот
14.11.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой садага болоюндар мына мен озум нагыз айылдык кызмын. Уй шартындагы маска пайдасы да зыяны да жок дептир. Ушул кантип болсун анда биз зээригип башка сыйпап атабызбы? Менин чачым аябай курук мен майлуу болсо дейм ошон учун айылга барганда сут кенири бизде нак айран мн чачымы маска кылып жууйм ото курук болбой калат. Анан чач тушкондорго кенешим 5л 10лсууга 5-6чалкан жерде осуп турган жеринен жулуп тамыры мн эле аны таза чайкап ошо сууга куюп кайнатасынар суу жапжашыл бп калат ошого эле муздак
Benazir08 түзөттү 2018-11-14 16:46:22
14.11.2018. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Benazir08, "курук" эмне деген соз озу
Siren90 түзөттү 2018-11-14 21:07:51
15.11.2018. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Siren90,сухой
04.01.2019. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Benazir08,кургакпы ошондо?
14.11.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошого эле муздак сууну чабыштырып ар баш жууганда таза сууга эмес ошол эле чалкан сууга жууп журсонор чачынар ото бышык болот мен ошондон бсо керек деп калам кр барган сайын дайыма зээрикпей ошентип жууйм. И балам талпынганда да тушот дешет анда деле тушпойт азыр чачым токой
14.11.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошо токойду которо албай утуру чачымы суюлтуп турам. Тооктун жунун жулгандай жулуп
14.11.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Benazir08,токой чачындан берсен боло
15.11.2018. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janna07,базар жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо