“ЖУНДА” ЗАВОДУ ИШИН ТОКТОТТУ, “КУМТӨРДӨН” ТҮШӨ ТУРГАН ПАЙДА АЗАЙДЫ

№836 9-15-ноябрь, 2018-жыл

Кара-Балтадагы мунайды кайра иштеткен “Жунда” заводу ишин токтотту. Экономика министри Олег Панкратовдун айтканына таянсак, буга соттук териштирүү себеп болду. 2016-жылы фискалдык органдар “Жунда” төлөшү керек болгон салыктын жарымын төлөбөй жашырып жүргөн деп доомат коюп, заводдун директорунун орун басары Ю Шан Ли кармалып, кылмыш иши ачылган. Парламент депутаттарынын “бул аша чапкандык, минте берсек инвестордун баарын чочутабыз” деген сындарынан кийин айыпталуучу үй камагына чыгарылган. Соттук териштирүүлөр
2 жылдан бери аяктай элек.

“Жунда” кытайлык инвестор тарабынан курулуп 2013-жылы ишке киргизилген. Жылына бюджетке 5 миллиард сом салык төгөрү пландалган. Завод жылына 400 миң тоннанын тегерегинде күйүүчү май өндүрүп жаткан. Андыктан мындай компаниянын иши токтогону ансыз деле тартыштыгы күч бюджетке зыян. Мамлекеттик казынага ири киреше берип жүргөн кен тармагынан түшүүчү кирешелер да азая баштаганын өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев айтып чыкты. “Экономикабыздын “Кумтөрдөн” көз каранды болушу жакшы эмес. Былтыр “Кумтөрдө” 17,5 тонна алтын өндүрүлсө, алтындын көлөмү азайганынан улам быйыл 16 тонна өндүрүлөрү күтүлүүдө. Тышкы карызды төлөөнүн оор графиги келе жатат. Андыктан башка алтын кендерин иштетүүгө шарт түзүү зарыл”,- дейт премьер. “Кыргыз алтын” компаниясынын директору Алмаз Алимбековдун айтымында, 2017-жылы кендердин салыгы катары казынага 510 миллион сом түшсө, быйыл мындан аз. Мурда мамлекеттин өзүнө тийиштүү 12 кен болгонун, учурда “Макмал” жана “Солтон-Сары” кендери гана иштеп жатканын, аларда да алтын түгөнгөнүнө байланыштуу казуу иштери токтогонун айтат Алимбеков.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо