Мирлан Бакиров: “БИШКЕК ЖЭБин ЖЕРГИЛИКТҮҮ КӨМҮРГӨ ӨТКӨРҮҮ КЕРЕК”

№836 9-15-ноябрь, 2018-жыл

Парламент депутаты Мирлан Бакиров Бишкек жылуулук электр борборун жергиликтүү көмүрдө иштөөгө өткөрүү керек деген буга чейин айтылып келе жаткан маселени көтөрдү. ЖЭБ жылына 1 миллион тоннага жакын көмүр сатып аларын, анын 70 пайызы Казакстандын көмүрү экенин айткан депутат “көмүр сатып алууда акча жергиликтүү ишканаларда калышы керек” деди. 2013-жылы Бишкек ЖЭБин жаңылоо сунушталып жатканда демилгечилер ЖЭБ толугу менен жергиликтүү көмүргө өткөрүлөрүн айтышкан. 2017-жылы “Улуттук энергетикалык холдингдин” мурдагы директору “Бишкек ЖЭБи модернизациядан кийин жергиликтүү көмүрдү пайдалануу менен иштеп баштайт” деп маалымдаган. Иш жүзүндө андай болгон жок. Биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун айтымында, учурда ЖЭБдин жаңыланган бөлүгү гана жергиликтүү көмүргө ылайыкталган. Эски бөлүгү үчүн дале Казакстандын көмүрүнө муктаждык бар дейт. Ал чын эле муктаждыкпы же жөн гана бизнес кызыкчылыгыбы, иликтене элек. Жакында Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына Жаныбек Абиров шайланганда бул маселе көтөрүлүп барып токтогон. Анткени маалыматтар боюнча Жаныбек Абировдун атасы Болот Абиров көп жылдардан бери тендерди утуп, Бишкек ЖЭБине Казакстандан көмүр ташыйт. Ошондой адамдын уулу Бишкек шаардык кеңешине төрага болуп шайланса, кызмат абалын атасынын ишканасынын кызыкчылыгына карата колдонбойбу деген суроолор жаралган. Бишкек мэрлигине курулуш магнаты Азиз Суракматовду шайлагандай эле, шаардык кеңеш коомчулуктун мындай эскертүүлөрүн кулак сыртынан кетирген.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо