ЧАТКАЛДА КЕН БОЮНЧА ЖАҢЖАЛ ЧЫГЫП, 3 АДАМ ЖАРАКАТ АЛДЫ

№836 9-15-ноябрь, 2018-жыл

Жалал-Абал облусунун Чаткал аймагында кен иштетүүгө байланыштуу жаңжал чыгып, 3 адам жаракат алды. Окуя 5-ноябрда болгон. Терек-Сай айылында “Эки Бакыр” ишканасынын алтын чайкоочу фабрикасынын курулушуна каршы жергиликтүү тургундар менен кен иштетүүчү аймакты кайтарган атайын отряддын кызматкерлеринин ортосунда тиреш чыккан. Жаңжал урушка чейин жетип, 3 кызматкер жеңил жаракат менен ооруканага кайрылды. Аймакка ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков барып, элге фабриканын иши мыйзамдуу экени тууралуу маалымат берилген. "Окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат, жыйынтыгында жаңжал чыгарган адамдардын аракетине юридикалык баа берилет" дейт ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов.

Жакында Баткендеги “Шамбесай” кенине байланыштуу да жаңжал чыккан. Изилдөө максатында барган мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрүн жергиликтүү эл кенге өткөрбөөгө аракет кылышты. “Буга чейин эле изилдөө жүрүп, кендин элге зыяндуулугу бар экени аныкталган”,- дешет жергиликтүү тургундар. Бул окуя боюнча депутат Жанар Акаев “өкмөттө элге маселени туура түшүндүрө ала турган кадыр-барктуу кишилер жокпу? Милиция ал жерде энелердин колун кайрып орой мамиле кылышты. Инвестор келишине каршы эмесмин, бирок элдин үнүн да угуу керек” деди. Кендерди иштетүү боюнча эл менен өкмөттүн ортосунда тил табыша албаган көрүнүш көп жылдан бери уланууда.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо