№837 16-22-ноябрь, 2018-жыл
Акыркы кезде эң көп таралып бараткан жана боорду иштен чыгарып, аны алмаштырууга чейин жеткирген оор дарт – боордун циррозу. Аталган дартка чалдыккандардын көбөйүшүнүн себептери, айыктыруу жолдорун билүү үчүн адистерге кайрылдык.
«ЦИРРОЗДО БООРДУ БЕРЧ БАСЫП, ИШТЕН ЧЫГЫП КАЛАТ»
Асанбек Сыдыгалиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы, Улуттук хирургиялык борбордун боор оорулары бөлүмүнүн жетекчиси:
– Биздин бөлүмгө боордун циррозу менен 1 жылда 300дөн көбүрөөк адам түшөт. Арасында студенттер да, эңкейген карылар да бар. Дарты өтүшүп, кан кусуп, ичине 10 литрге чейин суу толуп келгендер көп. Азыр андайлардан 10 адам жатат.
Боордун циррозу эмне болгон дарт? Боорго терс таасир этүүчү себептерден улам боордун клеткалары (гепатоциттер) сезгенип, акырындап өлүп, алардын ордуна керексиз тутумдаштыргыч ткандар өсүп жана аман калган ткандар активдүү бөлүнүп баштаган оору. Жөнөкөйлөтүп айтканда, боорду берч басып кетүү. Ушундан улам боордун иштөөсү бузулат, берчтин айынан кан тамырлардын жолу акырындап бүтөлө баштайт. Өттүн чыгуу жолу да бузулат. Кан менен барган азык-заттар боорго сиңбей, кан менен барган уулар боордон тазаланбай, канга кайрадан сиңип, организм ууланууга өтөт. Кан тамырлар бүтөлгөндүктөн боордогу вена кан тамырында жана ички органдарда басым көтөрүлөт. Көк боор чоңоёт.
Цирроз татаалдашып кеткенде уулардан жабыркаган мээде энцефалопатия оорусу (эс тутумдун, көңүл буруу жана ойлоо жөндөмдүүлүгүнүн начарлашы, айрым сөздөрдү айта албай калуу) жаралат. Вена кан тамырында басым көтөрүлгөндүктөн ал вена чоңоёт. Боордогу вена менен кызыл өңгөчтөгү вена тутумдаш болгондуктан ага да күч келип жукарат. Адам катуураак тамак жеп койгондо вена жарылып, кан кусат. Кан тамырлардын жолу бүтөлгөндүктөн кан жай жылып же туруп кала баштап, кандын курамындагы сары суулар курсак көңдөйүнө толууга өтөт (асцит).
Дарты өтүшүп кеткендерди чет өлкөгө барып боорун алмаштырууну сунуштайбыз. Бирок ага көп каражат кетет (донор өздөрүнөн болгон учурда операциянын өзүнө эле 35 миң доллардай кетет). Каражаты жоктор көз жумуп кетүүдө. Андыктан адамдар ооруганда дароо врачка көрүнүп, дарыланып, оорусунун күчөп кетишинин алдын алса дейт элем.
ЦИРРОЗДУН КЕЛИП ЧЫГУУСУНУН СЕБЕПТЕРИ
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |