БИР БҮРКҮМ. ДЕПУТАТТЫ АТКАН АДАМ КАРМАЛА ЭЛЕК...

№837 16-22-ноябрь, 2018-жыл

  • Жыл башынан бери чет жердеги Кыргыз мигранттары өлкөгө 1 МИЛЛИАРД 970 МИЛЛИОН сом которушканын Улуттук банк маалымдады.
  • 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ар бир райондон 1 миллион сомдон 1,5 МИЛЛИОН СОМГО чейин акча чогултулганын парламент депутаты Эльвира Сурабалдиева айтып чыкты.
  • Өлкө боюнча учурда кооптуу абалда 191 МЕКТЕП, 2 бала бакча бар экени расмий маалымдалды.
  • 2018-жылдын 10 айында жергиликтүү бюджеттерге 12,2 МИЛЛИАРД СОМ киреше түшкөнүн каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
  • 14-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк диабеттин күнүнө карата Бишкекте “Диабет ар бир үй-бүлөгө тиешелүү” деген ураан менен ЖӨӨ ЖҮРҮШ өттү.
  • УКМК: Бишкек ЖЭБиндеги кыш чилдедеги АВАРИЯНЫН ЧЫГЫМЫ 89 миллион 699 миң 230 сомду түздү.
  • 2017-жылы Ош облусунда ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК КЫЗДАРДЫ турмушка берген үч факт катталып, 6 адам жоопко тартылган.
  • Парламент комитети Кыргыздын Өзбекстандагы элчиси кызматына ИБРАГИМ ЖУНУСОВду көрсөтүү сунушун жактырды.
  • Лейлекте айылдык кеңештин депутатын АТКАН АДАМ кармала элек.
  • Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, Кыргыз мамлекетинде 43 ӨЗБЕК ТИЛДҮҮ мектеп бар.
  • 2018-жылдын 10 айында өлкөдө жол кырсыгынан 66 БАЛА каза болсо, 1307 бала жаракат алган. Маалыматты “Жол коопсуздугу” долбоорунун жетекчиси Чынара Касмамбетова билдирди.
  • Суукка байланыштуу Бишкек шаарындагы ТРОЛЛЕЙБУСТАРДЫН каттоо мөөнөтү саат 22:00гө чейин узартылды.
  • Бишкек-Ош жолунда ГАЗ ТАШЫГАН УНААНЫН баллону жарылып, унаа өрттөнүп кетти. Жаракат алгандар жок.
  • Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги: 2018-жылга карата КӨМҮРДҮН БААСЫНА чек коюла элек.
  • Депутат Алтынбек Сулайманов өлкөнү ЕАЭБге киргизүүдө жол берилген мүчүлүштүктөр үчүн экс-премьер ТЕМИР САРИЕВдин ишмердүүлүгүн текшерүү керектигин айтып чыкты.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо