НАНДЫ КАЙСЫ ТАМАКТАР МЕНЕН ЖЕГЕНГЕ БОЛОТ ЖАНА БОЛБОЙТ?

№838 23-30-ноябрь, 2018-жыл

“Нан болсо – ыр да болот”, “нансыз жашоо жок” деп айтылып келет. Согуш, ачарчылык адам баласын нанды ыйык тутууга алып келген. Мына ушундай баалуу азыкты бардык тамактар менен жегенге болбойт дешет окумуштуулар, гастроэнтерологдор жана диетологдор. Эмнеге экенин врач гастроэнтеролог Болот Турусбеков чечмелеп бермекчи.


НАНДЫН КУРАМЫНДА
Углевод, май, өсүмдүк белогу, клетчатка, витаминдер (E, PP, B, A0, минералдык заттар: марганец, селен, темир, цинк, ванадий, кобальт, фосфор, жез, кальций, натрий, магний), амин кычкылдары бар.


НАН + ПАЛОО, БОТКО, МАКАРОН, КАРТОШКА

Палоо күрүчтөн жасалганы менен, анын курамында да крахмал, ботко маннадан, гречкадан, күрүчтөн, сулудан жасалса да аталган акшактардын курамында крахмал бар. Макарондун жана картошканын курамында да крахмал бар. Кыскасы, күрүчтөн, макарондон, картошкадан жасалган коюу тамактарды, боткону нан менен жегенге болбойт. Улуттук тамак болгон бешбармак (ундан жасалгандыктан курамында крахмал болот) да нан менен айкалышпайт. Крахмалдар ашказанга барганда желимдей болуп чапташып, ал органга күч келтирип, аш кылуу оорлойт. Ичегиден да ары жылышы кыйындап, ич катуусу мүмкүн. Көп колдонууда ашказан-ичеги оорусу барлардын оорусун карматып жана күчөтөт. Оорусу жоктордо ашказан-ичеги оорусу жаралуусу мүмкүн. Картошканы жашылча менен жегенге жакшы. Ал эми күрүч, картошка, макарон кошулган суюк тамактарды аз өлчөмдөгү нан менен жегенге болот.

НАН + КОЗУ КАРЫНДАН ЖАСАЛГАН ТАМАК

Козу карын эң кеч сиңүүчү азык. Анткени ал топурактан оор металлдарды (цинк, коргошун, кадмий, жез, сымап жана башка) сиңирип алат. Аталгандар козу карынды бышырганда да анын курамында кала берет. Буга нандын курамындагыларды кошкондо сиңирүүгө кыйын, организмге зыян алып келчү тамак болуп калат. Андыктан козу карындан жасалган тамактарды өзүнчө жеш керек.

НАН + ЖАШЫЛЧАЛАР (КАРТОШКАДАН БАШКАСЫ)

Эң сонун айкалыш. Жеңил сиңет.

НАН + МАЙЛУУ ЭТ, МАЙЛУУ КОЛБАСА, МАЙЛУУ БАЛЫК, КУЙРУК, МАЛДЫН МАЙЫ

Организм нанды сиңирүү үчүн башка фермент, эт жана майды сиңирүүгө башка фермент бөлүп чыгаруусу керек. Бир убакта 2 түрдүү фермент бөлүп чыгаруу оор. Ошондуктан бир фермент эртерээк, экинчи фермент кечирээк бөлүнүп чыгып калуусу мүмкүн. Бул ашказан-ичегиге күч келтирет.

Негизи майлуу азыктарга кара жана кебектүү нанды кошуп жеш сунушталат. Анткени алардын курамында клетчаткалар көбүрөөк, алар азыктардын ичегиде туруп калбай жылышына жана сиңишине жардамдашат. Ак нандын курамында клетчаткалар аз (буудайдан ак ун тартууда алардын клетчаткалары азаят). Бирок сөзсүз көк чөптөрдү же жашылчаны кошуу керек. Негизи малдын майында зыяндуу холестерин болгондуктан жеш сунушталбайт.

Майлуу тамак менен нан жеш панкреатит (уйку без оорусу) жана ичеги-карын ооруларынан жабыркагандарга болбойт. Ооруну козгойт, күчөтөт.

НАН + МАЙЛУУ ЭМЕС ЭТ, МАЙЛУУ ЭМЕС БАЛЫК

Кошуп жегенге болот, бирок адатка айландырбоо жакшы.

НАН + ЖЕМИШ САЛАТ
Айрымдар жемиш салатын нан менен жесе тоюмдуу, ошол эле учурда анчалык калориялуу болбойт деп ойлойт. Бирок мындай тамак ичеги-карын оорусу барларда (мисалы, гастрит, колит, энтероколит) зарнаны жаратып, ичти көптүрүүсү мүмкүн.


НАН + КАЙМАК МАЙ, СЫР
Каймак май менен сырдын майлуу эмес сортун нанга кошуп жесе болот.
Бутерброд үчүн кара нан ылайыктуу. Кара нан менен каймак май, жашылча, майлуу эмес колбаса же сыр жакшы айкалышат.


НАН + АЧЫТЫЛГАН КАПУСТА, ТУЗДАЛГАН ЖАШЫЛЧА
Буларды кошуп жегенде нан менен жемиш салатын кошуп жегендегидей эле жыйынтык болот.

НАН + КЫЯМ (ВАРЕНЬЕ)
Экөө кошулганда айрымдарда ичти көптүрөт же зарна кылат. Андай адамдарга кошуп жеш сунушталбайт. Нан да, кыям да углеводдуу азык болгондуктан, көп жесе ашыкча салмакты жаратат.


КАЙСЫ НАН ТҮРҮ КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?

Жаңы нан
Өнөкөт гастрит, колит, энтероколит, 12 эли ичегисинде же ашказанында жарасы барларга жаңы бышырылган ак да, кара да нандарды жегенге болбойт. Алар кургатылган нан (сухари) же бир күн мурун бышырылган нанды жеши керек. Негизи эле жаңы бышкан нандын сиңиши кыйын болгондуктан бардык адамдар жебей койсо жакшы.

Ак нанды кимдерге көп жегенге болбойт?
Ашыкча салмактуулар, отуруп иштеген кызматкерлер (семирип кетүүлөрү мүмкүн), ашказан-ичеги оорусу барлар.

Ак нан таптакыр кимдерге сунушталбайт?
Кант диабети барларга жегенге болбойт. Кандын курамындагы канттын деңгээлин көтөрүп жиберет. Аларга кара нан, атайын чыгарылган диабетиктердин наны сунушталат.

Кара нанды кимдерге жегенге болбойт?
Кара нан ашказандагы кычкылды көбөйткөндүктөн гастрит, колит, ашказан же 12 эли ичегисинде жарасы барларга болбойт.
Сунушталат: ич катуудан жабыркагандарга, дени сак бардык адамдарга.


НАНСЫЗ ЖАШАГАНГА БОЛОБУ?
Организмге зарыл болгон энергиянын жарымынын көбүн углеводдор берет. Нандын курамында углевод крахмал түрүндө бар. Углевод адамдын энергияны сарптоосуна жараша керектелет. Мисалы, иши кара күч эмгеги менен байланышкандар, спортчуларга нанды көбүрөөк жегенге болот. Кыймылы аздар (мисалы, кеңсе кызматкерлери) күнүгө 100 граммдан жесе болот, бирок түшкө чейин. Анткени энергия сарпталып кетет. Кечиндеги энергия адам аз кыймылдаса майга айланат.
Нандын курамында, жогоруда айткандай, B тобундагы витаминдер болгондуктан биздин нерв системибизди жакшы иштетип, стресстерден коргоп турат. Нандын курамындагы клетчатка организмди уулануудан коргоп турат. Андыктан нанды жебей койсо адам депрессияга бат-бат кабылат. Булчуңдар (айрыкча буттун) начар иштейт, тери шалбырайт (белок жана амин кычкылдары жок). Андыктан нанды жеп туруу керек, бирок ченеми менен.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(27)
27.11.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Нанды каалашыбызча жеп жакшынакай эле журобуз,нан жесе семирет деген соз эми чыкты илгери биз бала кезде бир айылда 4-5 адам эле семиз болбосо баары арык болчу. Мектеп окуучулар дээрлик бут арык эле. Азыр жалкоолуктан кыймыл азынан семирип жатышат. Биз ойносок топ,обрущ,скакалка пара тээп чарчаганды билбейт элек. Ал эми азыркы балдар кечке ныкталып отуруп караганы телефон. Ал эмес чон адамдардын деле кечке эрмеги телефон кичине бошой калса чукулап отурмай адатка айланды,кыймылдуу адам семирбейт
27.11.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Илгери нанды каалашынча жеп чектоо жок эле жашашкан,оору дегенди билишпейт болчу. Дарынын деле туру аз эле. Азыр оорунун туру канча кободу жана да дары уколдун турунон башын адашат. Дээрлик баардык жеген тамагыбыз,жуткан абабыз бут химикат болуп куурадык. Заман агымы ушундай экен айла жок.
28.11.2018. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nurkyz1977,эң туура айтасыз эже, биз бала кезде, скалкалка ойночубуз топ ойнойт элек, кубалашмай , жашынмай ойноп, эле арык болчу экенбиз, азыркылар кечке телефон
27.11.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Баардык тамакты нан менен жейм, жада калса мантыны дагы! )))
27.11.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Нансыз мен эээч эле элестете албайм тамакты. Тамак жебесемда нан менен бир пияла сахар кошулган чай ичип алсам лагман жегендей эле боломда)))
27.11.2018. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Нанды да нан менен жегендер барбы?)))
27.11.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
fanatka19,нан палоону десениз)))
27.11.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
fanatka19,
Нан палоо деп коебуз, Нан мн картошка дымдап.
Ушуна да Нан мн жейбиз, даже манты, оромо, камыр тамактар нансыз отпойт.))
27.11.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир кун НАН жаппай койчу, уйундогу бут азыктар тугоп калгандай мостоюп, ичин шалбырап калат.
27.11.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нан десе эле , азыркы нан эмес да дрожжи менен көөп,ачыткы менен болгон нан чыныгы НАН
27.11.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин кошунабыз уй-булосу менен даже беш бармакты нан менен жешет
27.11.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гастрит бар менде, окусам нан вообще эле болбойт экен)) Жогорудагылар жазгандай мантыны да нан менен жегендердин катарына кирем, эми кантем?)
27.11.2018. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен пирожкини дагы нан менен жейм
28.11.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toma95,)))
27.11.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ох,соонунда нанды куурулган картошка менен даамын озгочо кылып жесен соонунда!
28.11.2018. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дрож, ачыткыч, ундар, йоддолгон туздар, жонундо да жазыныздарчы суранам.
28.11.2018. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коменттерди окуп бир күлүп алдым, баарыбыз окшош экенбиз, мантыны, ашты, картошка, пирожки, койчу кыскасы баарын нан мн жеймин
28.11.2018. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эртеден кечке офисте отуруп иштейм, кара кусок нандан сэндвич жасап эртен менен эле жебесем болбойт экен. Ак багет нанын жакшы кором, май менен аябай жейм:-(
28.11.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул макалага таянсак, нанды эч нерсе менен кошуп жегенге болбойт экен да. Даже варенье, каймактарга...
28.11.2018. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен нанды нан менен жейм))), олбой-житпей эле келе жатабызго
28.11.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен нан жебейм деле, бирок сөзсүз ооз тийип коем. Шорпону да нансыз ичем.
28.11.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайнатам боорсокту да Нан менен жейт. Башында беш бармак, манты, оромо, плов жасаганда Нан койбой койсом сурап жечу. Менин торкунумо келгенде да Нан апкел деп шыбырап калчу. Азыр конуп калдым биринчи нанды коем)
29.11.2018. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин гастритим бар болчу ичиме жел туруп кооп кетчу Азыр нанды аз жейм, аш, макарон ж.б тамактарды нансыз эле жегенге кондум. Ден соолук керек болсо конот экенсин
29.11.2018. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз ак нанга кара нан кошуп жегендерденбиз.
30.11.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен лепешкага да нан кошуп жеймин:)
30.11.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
НАН НАН нансыз кантип жашамак эле ата бабабыз нан жеп келген менда жей берем Аллах канча омур берсе
03.12.2018. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба мурдагы нандар ундар баары жакшы болчу без химикат азыр баарына кошулат ошондуктан абайлап жеш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо