Тынар Курбаналиев, куудул: “Үмүтай Абдышова мага ашык болсо, ойлонуп көрүш керек...”

№838 23-30-ноябрь, 2018-жыл

Сахнада чукугандай сөз таап, элди күлдүргөндөн ырахат алган Тынар Курбаналиевге чыгармачыл чөйрөдөгү бир катар адамдар суроо узатышты. Куудул мырза алардын суроолоруна кандай жооп бергенин төмөндөн окуңуз.

ҮМҮТАЙ АБДЫШОВА, ырчы:
– Сизди бир нече жолу үй-бүлө курган дешет. Ошондой болсо да тымызын башка селкиге ашык экениңизди уккан элем. Эгер ошол селки макулдугун берсе, ага дагы үйлөнөт белеңиз? Же буга окшогон “кезектеги сүйүүлөр” концерт же гастроль сайын алмашып турабы? Деги эле сезимиңиз туруктуубу же туруктуу эмеспи?

– Бир нече жолу эмес, бир эле жолу үйлөнгөм. Ал эми бирөөгө ашык экенимди келинчегим жакшы билет, ошол макулдугун берип, ошол адамдын күйөөсү болуп иштеп жатам. Менин сезимимди башкалар кандай айтышат билбейм, бирок өзүм туруктуу деп эле айтам. Гастролдо же болбосо талаада сүйүүм алмашпайт. Бирок Үмүтай өзү ашык болгон болсо, анда ойлонуп көрмөкмүн...

ДОБР, рэп ырчысы:
–Бир ирет мен телеканалдардын бирине эфирге барып калып, менден кийинки эфирге келчү конокторго тапшырма бер дегенде “эфирден соң полду жууп кетсин” дегем. Менден кийин Тынар байке барган эле. Тынар байкеге суроом – түз эфир убагында студиянын полун жууп көрдүңүз беле?


– Болгон. Бир жолу телеканалдардын бирине эфирге барып калып оюндун шарты ушундай беле же көрүүчүлөр суранды беле, айтор, эфирден пол жуугам.

ТАЛАНТ КАДЫРОВ, ырчы:

– Тынар байке, “мен ырчы болгудай анчалык деле жинди эмесмин, акыл-эсим жайында” деп сахнадан тамашалап калат. Өзү жакында ырдайм деп жүрөт. Эми менин суроом мындай. Ошондо сиз жинди болуп калдыңызбы же кандай болуп калдыңыз? Ырчы болуңуз же куудул болуңуз. Эгер ырчы болсоңуз анда ырчыларга тийишпей жүрүңүз.

– Ооба, сахнада ошентип тамашалап калам. Негизи колунан келген адам ырдаса жакшы болмок. Ар бир адам колунан келген ишти кылса жакшы да. Ал эми мен жакында ырдайын деп жаткан ыр жөн гана менин 40 жашыма арналып жазылган чыгарма. Ошол ырды жаздырып туугандардын, жоро-жолдоштордун арасында, отуруштарда гана ырдап коёюн дегем. Ошонун артынан эле ырчы болуп, клип тарттырып жиберейин деген оюм жок. Талант коркпой эле койсун эми. Мен ал ыр менен эле ырчы болуп кетсем Талант өчүп калбайт го.

РОЗА ШАКИРОВА, ырчы:

– Автомат машинаны бүт баары бир буту менен эле айдашат го. Тормозду, газды басыпчы. А мен 2 бутум менен айдайм, сол бутум менен тормозду басам, оң бутум менен газды басам. Эмне үчүн?

– Розанын суроосу таң калыштуу экен го (күлүп). Негизи Розанын унаа айдоо жөндөмдүүлүгүнө жараша да. Бирок автомат унааларды бир бут менен эле айдайт, эки бут менен айдаганды Розадан эле угуп жатам.

ЭРНЕСТ БӨРҮБАЕВ, тамада:

– Тынар, эгерде мен жок жерде сенин көзүңчө мени бирөө жамандаса эмне кылмаксың?

– Сенин жакшы сапаттарыңды айтып коргомокмун, себеби сенин кандай адам экениңди мен жакшы билем.


АСКАТ СУЛАЙМАНОВ, актёр:
– Тынар менден 3-4 жыл мурун фуфайка алды эле, ошол бойдон бере элек. Фуфайканы качан алып келип бересиң?

– Интермедияга керек болуп Аскаттан фуфайка алгам. Кийин гастролдо колдонуп, ортодо балдар да кийип, айтор, ал фуфайка жоголуп кетти. Анан Аскат жайында чалып алып "Досум баягы фуфайка эмне болду?" деп сурап жатпайбы. "И-ий, элдин баары футболка-шортачан жүрсө, сен фуфайка кийип каякка барасың?" деп тамашаласам каткырып күлгөн. Ошонун фуфайкасын берип коюшум керек, карызмын. Качан Аскат куудул болуп интермедия ойногонго керек болгондо алып барып берем.

АМИР АСКАРОВ, ырчы:

– Өзүңүздү Амир Аскаровго окшош “красавчик” эсептейсизби?
– Амир Аскаровду мага окшош “красавчик” деп эсептейм.




НУРБОЛОТ ТЕҢИЗБЕК, ырчы:
– Ааламда жалгыз эркек болуп калсаңыз эмне кылат элеңиз? Кыздарга кантип түтөт элеңиз?
– Эми андай болушу мүмкүн эмес го, бирок ошондой болуп кала турган болсо жолукса билет эле да эмне болорун (күлүп). Сен алгач мага ошондой шарт түзүп берчи, анан көрөсүң.

Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(26)
27.11.2018. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-29
Мен деле 2 бут менен айдайм автоматты
28.11.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Tentek1,автомобиль айдоо- башкаруу инструкциясынын негизинде, тормоз, газды тебүүдө оң бут гана иштеш керек, сол бут менен сцепления тебилет. Ал эми автоматикалык каробкасы менен автолордо сцепления болбогондуктан оң бут гана иштейт. Бир бут менен гана тебүү керектигинин себеби эмнеде, унааны айдап баратканда, бир эле убакта, тормозду да, газды да тээп албоо үчүн (бир убакта тепкенде, унанын тормоздун негизинде токтоо аралыгы узарып, кооптуу абал жаралат).
27.11.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
эки Бут менен айдагандар механик айдай алышпайт
27.11.2018. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Munar_6052,ааххаахха,точно.мен да механика айдай албайм.
29.11.2018. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Munar_6052, аларга дагы бир бут керек болот хаха
27.11.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Оозу мурду кыйшайбай бир эле жолу уйлонгом дейби Тынар...
27.11.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тынч босоң болду Тыке.
27.11.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы адам эмессиң Тынар, Кыргызстанды бөлүп жарып ,ар облусту бири бирине кайраштырып шылдыңдап эле жүрөсүң
02.12.2018. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Flowhive, Туура Борончу экөө дайыма элди кайраштырат
27.11.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бир эле жолу үйлөнгөн болсо ал да болсо Лилия да... Анда азыркы сы жөн гана ойнош болуп жүрөбү?
27.11.2018. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Алып туруп сайда
28.11.2018. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эле адам
28.11.2018. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Амир деген ырчы озун укмуш сезип крас
28.11.2018. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Амир деген озун укмуш ырчы сезген мен красавчикмин дейби ушул баланын деги Ким тааныйт фууу
01.12.2018. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
binur5,жөн эле тамаша ирээтинде суроо берген го.
28.11.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аскатын суроосу жакты баарынанда.
28.11.2018. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен автомат да механика да айдайм автоматты бир бут менен да эки бут менен да
29.11.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саясаттагы жанылыктарды эле пайлап отураттыр Тынар кандай тамаша чыгарам деп
29.11.2018. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошо Роза Шакированын 2 бут менен айдайм дегенине коркуп кеттим, кооптуу да. Тезирээк бир бутка отуп уйронунуз.
30.11.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 бут менен айдайм мен дагы механика айдап автоматка олтуруп 2 бут менен айдап калсак керек эмнеси болсода ийгилик Роза эже ырларын коп угабыз
01.12.2018. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы 2 бут менен айдайм 1бут менен такыр коно албай койдум.
01.12.2018. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Seda,мен да ортонку бут менен айдайм кобун
Samar90 түзөттү 2018-12-01 21:44:31
01.12.2018. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samar90,
02.12.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Автомат машинаны бир эле бут менен айдаш керек
03.12.2018. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынарбеек, тапкан тапалак деген каналга берген жообуңдан кийин текеберденген жакшы эмес адам экениңди билдим. Адамды жөнөкөйлүкда сулуу көрсөтөт!
03.12.2018. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аскат Сулаймановдун фуфайкасын бербей койгонунуз туура эмес болуп калыптыр. Аманатка кыянат кылып, алып берип коюнуз эми. Интермедия ойнгуча кутуп журо бербей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо