ЭКС-ЭЛЧИ КЫЛЫЧБЕК СУЛТАН ӨЛКӨГӨ КАЙТЫП КЕЛДИ

№838 23-30-ноябрь, 2018-жыл

Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан өлкөгө кайтып келди. Ал 24-ноябрда Бишкекте өтүүчү саясий күчтөрдүн курултайына катышмакчы. Буга чейин Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги коррупциялык иштерди айтып чыгып, бийликтен чара көрүүнү суранган. Бирок Коопсуздук кеңеши, тескерисинче, Кылычбек Султанды кайсы бир иштерге айыптаганга аракет кылган. Мындан улам экс-элчи азыркы бийлик коррупцияга каршы күрөшүп жаткандай түр эле көрсөтүп, иш жүзүндө саясий шоу уюштуруп жатканын айтып чыккан. Ал чет өлкөдөн башпаанек сураганын жарыялаган эле. Кечээ жергиликтүү ЖМКларга берген маегинде мурунку элчи эч бир өлкөдөн башпаанек сурабаганын, башпаанек тууралуу билдирүүсү бийликтин көңүлүн ал көтөрүп чыккан маселенин олуттуу экенине буруу үчүн жасалганын айтат. «Менин ал билдирүүм бийликтегилердин адилетсиз чечимдери айрым адамдар үчүн эмне менен аякташы мүмкүн экенин көрсөтүүгө багытталган. Дипмиссиядагы коррупция жөнүндө билдирүүлөрүмдүн ишенимдүү жана олуттуу экенин Сооронбай Жээнбековго дагы бир жолу көрсөтүү эле»,- дейт, мурдагы элчи. Ошондой эле президент Жээнбековдун акыркы маегин окуган соң өзүндө президент өлкөнүн келечеги жана реформа үчүн сын угууга даяр деген үмүт жаралганын белгилейт. Президентке көзмө-көз жолугуп, ТИМ системиндеги коррупциялык фактылар тууралуу айтып берүү оюнан дале кайта электигин да билдирди. Экс-элчи курултайдын өтүшү туура экенин, анткени өлкөдөгү курч көйгөйлөрдү көтөрүүгө тийиш болгон Жогорку Кеңеш учурда өз милдетин аткара албай жатканын айтат. Элчи ушул себептүү өлкөнүн келечегине кайдыгер эмес жарандар курултай аркылуу бийликке көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди жеткирүүгө аракет кылууга аргасыз деген ойдо.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо