Баткен облусунун прокурору АНАРБАЙ МАМАЖАКЫПОВ КИШИ колдуу болуп каза тапты. Кылмышка шектелип жергиликтүү чиновник кармалды.
- Лейлек районунда үйүнүн алдынан бирөө атып кеткен айылдык кеңештин 32 жаштагы депутаты КУБАНЫЧ БАЯНОВ каза болду.
- Жылуулук өткөрүүчү түтүктөр жарылып, Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы айрым үйлөргө ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ ҮЗГҮЛТҮККӨ учурады.
- Миграция кызматы: «1991-жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн 500 МИҢДЕН АШЫК жараны Орусия жарандыгын алган».
- «Вечерний Бишкек» басылмасынын учурдагы ээси АЛЕКСАНДР РЯБУШКИН камакка алынды.
- Жогорку Сот экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси ИКРАМЖАН ИЛМИЯНОВду 28-ноябрга чейин камакта кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
- Өлкөдө бойдон алдыргандардын 6,8 пайызын 40 жаштан жогорку аялдар, 7,5 пайызын 19 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ жаш кыздар түзөт. Маалымат Бишкекте өткөн тегерек столдо адистер тарабынан айтылды.
- Кыргыз өлкөсүнүн авиакомпаниялары 2019-жылы Евросоюздун «КАРА ТИЗМЕСИНЕН» чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев билдирди.
- «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирсе, күнүнө 36 МИҢДЕН АШУУН жол эрежесин бузуу фактысы аныкталат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары НУР САТЫБАЛДИЕВ билдирди.
- Ысык-Көл облусунда элик аткан БРАКОНЬЕР КАРМАЛЫП, ага 50 миң сом айып салынды.
- Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору болуп МАКСАТ ДАМИР УУЛУ дайындалды.
- Парламент депутаты МАРЛЕН МАМАТАЛИЕВ 6 айдын ичинде Бишкектеги коомдук автобустарды газ менен жүрүүгө өткөрүүнү сунуштады.
- Депутат РАДА ТУМАНБАЕВА 2019-жылды экология жылы деп жарыялоо керектигин айтып чыкты.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg